Шымдары бир жылкыга бааланган
Кыргыздын эркектери кандай кийинген?
Шымдары бир жылкыга бааланган
Кыргыздын эркектери кандай кийинген?
Кыргыз элинде илгертеден кийимге байланыштуу бир катар эрежелер болгон. Мисалы, кийимди жерге таштоого, баш кийимге отурууга, аны ыргытууга, айлантууга, баш алган жерге белекке берүүгө болбойт.

Анын ичинде эркек кишинин кийимине да ѳзгѳчѳ мамиле жасалган. Алсак, эркек адамдын кийиминен аттабайт, аны тебелебейт, ал тургай "эркектин кийиминин үстүнө аял кишинин, кыз баланын кийими коюлбайт" деген түшүнүк жашаган. Бул эркекке болгон сый-урматтын белгиси деп кабыл алынып, балдарды тарбиялоодо чоң мааниге ээ болгон.

Sputnik Кыргызстан агенттиги "Кийиз дүйнө" коомдук фонду менен эркектердин салттуу кийими тууралуу материалын сунуштайт. Кайрадан жанданып жаткан кыргыз кийимдери тууралуу жазууда окумуштуулардын, изилдѳѳчүлѳрдүн, салттуу билимди аркалаган улуу муундун өкүлдөрүнүн буга чейинки маалыматтары колдонулду.
Бөбөктөрдүн кийиминдеги өзгөчөлүктөр
Бөбөктөрдүн кийиминдеги өзгөчөлүктөр
Эркек баланын кийими, чоң кишилердикинен анча деле айырмаланган эмес. Алар туура жака кѳйнѳк, суукта чапан, тон кийген. Бирок бир нерсени баса белгилеп кетүү керек. Бөбөктөрдүн кийимдерине, кыз-эркегине карабай тумар жана ар кандай мончоктор тагылган.

Эл ичинде "тумар, мончок тагуу баланы суук көз, суук сөздөн сактайт" деген түшүнүк жашаган. Эркек балдардын кийиминдеги мончоктор өспүрүм куракка келгенде биротоло алынып, тумарлары гана калган.

Модель: Тагай Бектемиров
Бөбөк кийип турган чий баркыттан тигилген чапан. Жаман көз, жаман сөздөн сактасын деген таризде чапанга тумар, долоно мончоктор тагылган.
Кѳрпѳ тебетей
Чапан
Кѳйнѳк
Шым
Намаркен ѳтүгү
Долоно мончок
Тумар
Эркек балага эмнеге көкүл коюлган?
Эркек балага эмнеге көкүл коюлган?
Илгери эркек балдардын чачын өстүргөн эмес. Устара менен алып салышчу. Кээ бири уулдарынын маңдайына көкүл коюп же желкесине чейин чачын өстүрүп, айдар чач кылып бир тал өрүп коюшкан. "Бул ырымды балдары токтобой калган кезде колдонушкан" деп айтылып келет. Калтырып койгон чачты кийин атайын ырым кылып мазардан же таякесине барып алдырышкан.

Модель: Чогултур Токтогул
Көрпө тебетей кызыл тукаба менен тышталган. Бул баш кийим кышкысын башты жылуу кармайт.
Калпак
Кѳрпѳ тебетей
Чапан
Кѳйнѳк
Шым
Маасы
Кепич
Баш кийим жоготууну жамандыкка жорушкан
Баш кийим жоготууну жамандыкка жорушкан
Кыргыз эли баш кийимге өтө аздек мамиле жасаган. Биринчиден, баш кийимсиз сыртка чыгышкан эмес. Эркекпи, аялбы, сөзсүз баш кийим менен жүрүшкөн. Баш кийим төргө, бийик, таза жерге коюлган. "Аны тетири каратып кийүүгө, ага жазданып жатууга болбойт" деген эреже болгон.

Илгери баш кийимди баш алган жерге жана чоочун бирөөгө белекке берип, аны сатышкан эмес. Баш кийимди жоготуп алууну жамандыкка жорушканы айтылат.

Модель: Алтай Камчыбеков
5-6 жашка чыкканга чейин эркек балдар туура жака көйнөк кийишкен. Алар сөзсүз ак түстө болгон.
Калпак
Чапан
Туура жака кѳйнѳк
Шым
Маасы
Кепич
Чүкө
Күмүш кооздук
Жегде деген эмне экенин билесизби?
Жегде деген эмне экенин билесизби?
Эркектер үстүнө жегде кийишкен. Жегде — бул кадимки көйнөк. Ал мезгилде эркек көйнөктөр бөз кездемеден тигилген. Узун жакалуу, кенен бычылып, капталдарына кыйык салынган. Узундугу тизеден ылдый келип, жеңи манжаларга жеткен. Жакасы болсо өрүлгөн боо же топчулар менен бүчүлөнгөн. Жегдени шымдашкан эмес. Шымдын сыртына чыгарып, бел боо менен байлап коюшкан. Мындай көйнөктү эркектер 5-6 жаштан баштап өмүрү өткөнгө чейин жонунан түшүрүшкөн эмес.

1930-жылдардан баштап узун жегделер акырындык менен колдонуудан чыгып, көйнөктүн формасы өзгөрө баштаган.

Модель: Эмир Мураталиев
Маасы — кепич менен кийилүүчү кончу бар, жеңил бут кийим. Анын ичи тери менен ичтелип, булгарыдан жасалат.
Калпак
Жегде (кѳйнѳк)
Шым
Бел боо
Маасы
Чүкө
Жаз-жайда кийилчү баш кийимдер
Жаз-жайда кийилчү баш кийимдер
Күн жылууда, жаздан күзгө чейин эркектер башына калпак кийишкен. Анын түрү көп. Ар бири түрдүү формада жасалат. Мисалы, калпактын алгачкы түрлөрү кийизден уютулуп даярдалган. Мындай уютулган баш кийим "уютма" же "туюк калпак" деп аталат. Бүгүнкү күндѳ мындай баш кийимдин мыкты үлгүсү Мамлекеттик тарых музейинде сакталып турат.

Кийинчерээк калпактар бычылып тигиле баштаган. Бычылып жасалышына карата ал эки талаа жана төрт талаа болуп бөлүнөт. Азыркы жасалып жаткан калпактардын дээрлик көбү төрт талаа.

Бул баш кийимдин артыкчылыгы: күн тийүүдөн, жаандан сактап, башка жеңил отурат, абдан ыңгайлуу. Калпакты кээ бир эркектер жай-кыш дебей кийишет. Кышкы калпактарды калың кийизден жасатышкан.

Модель: Байэл Жаныбеков
Ак жүндөн уютулуп жасалган туюк калпак. Кыры күрөң өңдөгү кездеме менен жээктелген.
Туюк калпак
Чапан
Кѳйнѳк
Шым
Өтүк
Кышкы баш кийимдер
Кышкы баш кийимдер
Тебетей, телпек — эркектердин кышкы баш кийимдери. Тебетейди турмушка чыга элек кыз бала деле кийген, бирок алардыкы тышынын түсү жана колдонулган териси менен айырмаланган. Колунда бар эркектердин тебетейи суусар, сүлөөсүн, түлкү сыяктуу баалуу жаныбарлардын аң-терилеринен жасалган. Күнүмдүк жашоодо козунун көрпөсүнөн жасалган тебетей эле кийишкен.

Телпек да кышкы баш кийим. Ал тебетей сымал төрт талаа болуп бычылат да, козунун же койдун терисинен ичилик салынбай тигилет, жапыз болот. Көрпөдөн тигилген тебетей, телпек башка ыңгайлуу отуруп, жылуу келген. Аны менен жумуш жасоо да жеңил болгон.

Баса, азыр телпекти сейрек кездештиребиз. Көбүнчө аны айыл жерлеринде кийишет. Фольклордук маалыматтарга таянсак, телпекти баалуу жаныбарлардын терисинен да жасашкан.

Модель: Акай Белеков

Таар шым жүндөн жасалат. Уздар көбүнчө койдун жүнүн текши, ичке кылып ийрип алат. Андан кийин жип чыйратылат. Жиптен өрмөк курулуп, аны согуп таар жасашат.
Кѳрпѳ тебетей
Жегде (кѳйнѳк)
Кур
Таар шым
Маасы
Кепич
Бир жылкынын наркына бааланган шымдар
Бир жылкынын наркына бааланган шымдар
Эркектердин илгерки шымдары кийинкилерден бир топ эле айырмаланган. Ал кездеги шымдар абдан кенен тигилген. Ич кийим катары дамбал кийишкен. Ал жука, бир ѳңчѳй пахта кездемелерден тигилген.

Кышкы шымдар таардан, койдун терисинен, текенин ийленген терисинен бычылып даярдалган. Бул шымдардын баарынын бычылышы окшош эмес. Алсак, койдун терисинен тигилген шымдар кууш келет. Ал эми ийленген териден жасалган кандагайлардын багалеги да, алаасы да кенен болгон. Аны "теке шым" деп аташкан. Мындай шымды кѳбүнчѳ той-аштарга, ат оюндарына, күрѳшкѳ, мергенчиликке кийишкен. Теке шымдын баасы ошол мезгилде бир жылкынын наркына бааланчу экен.

Байлар көбүнчө жаргак шым кийишкен. Жаргак — бул жүнү жыдытылып, мыкты ийленген тери. Мыкты жаргакты баары эле жасай алышкан эмес. Өтө көп эмгекти талап кылган. Аны күйѳѳ балага да кийгизишкен.

Модель: Абдунур Мелисбек уулу

Өтүк — кара малдын терисинен иштетилген булгаарыдан жасалат. Таманы жана апкыты кабатталган кайыш менен калыңдатылат.
Тебетей
Жегде (кѳйнѳк)
Бел боо
Шым
Өтүк
Үйлөнө турчу бозойдун кийими
Үйлөнө турчу бозойдун кийими
Илгери үйлѳнѳ турчу жигитке арнап атайын кийим тигишкен. Жеңелери ычкыр ѳргѳн. Жаңы үйлѳнгѳн уулуна арнап атасы кемер кур таккан.

Модель: Дөөлөт Рысбаев
Узун жака көйнөктүн бычылышы жегде сыяктуу, бирок ал кыска болот. Узундугу белден ылдый. Узун жакалуу көйнөктү көп учурда ич кийим катары кийишкен. Колунда барлар анын сыртынан өзүнчө жегде кийишкен.
Калпак
Кѳйнѳк (узун жака көйнөк)
Жегде (кѳйнѳк)
Кемер кур
Шым
Өтүк
Мергенчилер аң-уулоого кандай кийинип чыккан?
Мергенчилер аң-уулоого кандай кийинип чыккан?
19-20-кылымдарда жоокерчилик кийимдин көп түрлөрү — ок өтпөс олпок, күбө, чарайна, соот туулга колдонуудан чыгып калгандыгы айтылат. Ага караганда аң уулоого кийген кийимдер көбүрөөк сакталган. Мергенчилер аң уулоого жаргак, теке шымдарды кийишкен. Белине атайын кур илгич курчанып, ага аңчылыкка керектүү буюмдарды — оттук таш, шибеге, бычак, дүрмөт, ок куюлуучу калыпты дайыма алып жүрүшкөн. Буттарына чарык кийип, ага айрым учурда жааларын сайып койгон.

Модель: Алмаз Батырканов
Кары жең чапан Кыргызстандын түндүк-батыш аймагында, кѳбүнчѳ Таласта кийилген. Башка чапандардан айырмасы — жеңи кыска болот. Жеңи кар жиликке чейин эле болгондуктан, аны кары жең чапан дешкен. Бул сырт кийим жеңил жана жука кездемеден тигилип, күнүмдүк жашоодо эркектер, аялдар дагы кийишкен.
Калпак
Кѳйнѳк
Кары жең чапан
Шым
Өтүк
Эркектер эмнеге бел боо тагынышкан?
Эркектер эмнеге бел боо тагынышкан?
Эркектер бел боону тестиер курактан тарта тагына баштаган. Бел боо — көйнөк же чапандын сыртынан белге курчанган кездеме. Аны тагынууда жаш өзгөчөлүктөр эске алынган. Мисалы, улгайган адамдар ак түстөгү бел боо тагынса, жашыраактарыныкы кызыл түстө болгон.

Түштүк тарапта бел боонун ордуна эркектер түстүү жиптерди же пахтадан жасалган жоолуктарды курчанышкан. Бел боо кийимди курчап туруу кызматын гана аткарбастан, эркекти тың жана тыкан кармоого тарбиялаган. Боону чала жана бош байлаган эркекти жүдөө, өзүн-өзү карай албаган мырза деп сыпатташкан. Байыркы мезгилде бел боонун жаргактан да жасалганы айтылат.

Модель: Алыбек Асангулов
Пияздын кабыгына боелгон кийизден тигилген төрт талаа калпак.
Калпак
Кѳйнѳк
Бел боо
Шым
Өтүк
Илгич деген эмне?
Илгич деген эмне?
Илгич — бел курдун бир түрү. Ал кемер кур сыяктуу эле жасалат. Бирок жазы болбойт. Белге эки айланып бекитилет. Илгичти көп учурда жаш жигиттер тагынышкан. Ага оттук таш, туз баштык, бычак, атайын баштыкча сыяктуу керектүү нерселерин илип алышкан.

Модель: Келдибек Иманбеков
Илгич — мергенчилер жана орто жаштагы эркектердин бел куру болуп саналат.
Калпак
Желек
Кѳйнѳк
Шым
Илгич
Ѳтүк
Кемер курга эмне үчүн бычак кыстарышкан?
Кемер курга эмне үчүн бычак кыстарышкан?
Эркектердин белине тагылган жасалгалардын дагы бири — кемер кур. Ал кайыштан жасалат. Кээ бир учурларда кийиздин сыртына баалуу баркыт кездеме сыртталып, бети күмүш менен кооздолот. Кемер курду эркектер мейманга барарда, ар түрдүү салтанаттуу иш-чараларда көйнөк же чапандын сыртынан тагынышкан.

Адатта кемер курлардын сол жагына, кынга бычак илип коюшчу. Ал күнүмдүк жашоого керектелгенден сырткары "колдоочу, жандоочу кызмат аткарат" деген түшүнүк жашаган.

Модель: Муратаалы Эрназаров
Бул кишинин кемер куру баркыт кездемеден жасалып, бетине күмүш жасалгалар бастырылган. Кынына күмүш саптуу бычак салынган.
Калпак
Кѳйнѳк
Шым
Кемер кур, бычак
Өтүк
Чапан менен чепкендин айырмачылыгы
Чапан менен чепкендин айырмачылыгы
Күн сууктап калганда эркектер үстүнө чапан, чепкен кийген. Чапан — ичине кебез же жүн салынып калың кездемеден шырылып тигилет. Илгерки чапандардын жеңи абдан узун болуп, колдун учунан 20 сантиметрдей ылдый түшүп турган.

Сырт кийимдердин дагы бир түрү — чепкен. Чепкен көбүнчө жүндѳн жасалган кездемелерден тигилет. Өз ичинен басма чепкен, пийазы чепкен деп экиге бөлүнөт. Пийазы чепкен тѳѳнүн жүнүнѳн жасалып, ичке согулган таардан тигилет. Мындай кездемеден тигилген чепкендер кымбат бааланып, аны майрамдарда гана кийишкен. Пийазы чепкенди колунда жоктор ала алган эмес.

Ал эми басма чепкенди алууга көпчүлүктүн шарты болгон. Себеби ал пийазы чепкендей эмес, жөнөкөй болгон. Сырт кийимдин бул түрүн көбүнчө малчылар жана мергенчилер кийген.

Модель: Өмүрзак Кайыпов
Желек — эркектердин кебез салынбай тигилген жука күрмөсү. Кара чий баркыттан кенен жана тизеге чейин узун тигилет.
Калпак
Желек
Кѳйнѳк
Кемер кур
Өтүк
Кыргыздын эркектери эмне иш кылышкан?
Кыргыздын эркектери эмне иш кылышкан?
Аңчылык, устачылык, зергерчилик — кыргыздын эркектерине мүнөздүү жумуш болуп эсептелген. Эркектер аңчылык кылып жырткыч, жапайы айбанаттардын терилерин алышкан, терилерди иштететүүдѳ мыкты болушкан.

Керектүү буюмдун баарын илгери сатып албай, усталар өздөрү жасашкан. Алсак, ошол эле боз үйдүн жыгач-ташы, ат жабдыктары, үй оокаттарынын баары усталардын колунан чыккан.

Ал эми зергерлер аялдарга тиешелүү түрдүү зер буюмдарды жасап, ал чѳлкѳмдѳгү бардык жасалгаларга болгон муктаждыкты аткара алышкан. Адатта усталар муундан-муунга ѳткѳн ѳнѳрдү улашкан. Мындан сырткары, эркектер мал чарбачылык, дыйканчылык менен да алектенишкен.

Модель: Нурадин Абдразаков
Илгери кездемеден жасалган бел боону улгайган адамдар курчанышкан. Күнүмдүк жумушта абдан ыңгайлуу келет.
Көрпө тебетей
Шым
Кѳйнѳк
Бел боо
Өтүк
Желек
Эркектин бут кийиминен колунда бар-жогун билишкен
Эркектин бут кийиминен колунда бар-жогун билишкен
Мурдагы кылымдарда кыргыздын эркектери бут кийимдин бир нече түрүн кийишкен. Алар "ѳтүк", "пайчеки", "чокой", "чарык" деп аталат.

Чокой менен пайчекини колунда жок адамдар, койчу, жылкычылар кийишкен. Чокой жүндѳн уютулуп жасалат. Аны "чабылган чокой" деп аташкан. Чокойдун таманына булгаарынын кесиндисин тамандап коюшкан. Узундугу тизеге чейин болот.
Пайчеки — кончу жок бут кийим. Ал териден тигилип, сүйрү болгон. Чекесине ичке булгаары жип өткөрүп туруп, тартып коюшкан.

Ал эми чарык — жылкынын же буканын иштелген терисинен жасалып, кончу узун келет. 19-кылымда колунда бар кыргыздар бут кийимди сатып алып кие башташкан. Алардын таманы катуу, такасы бийик болгон. Эл ичинде ѳтүк ултарган кыйын усталар болуп, алар кѳбүнчѳ ата ѳнѳрүн улашкан.

Модель: Чолпонбай Борсунов
Кенен тигилген шым. Мындай шымдар күнүмдүк жашоодо кийилип, кѳбүнчѳ каралжын түстѳгү кездемелерден тигилген. Кийинчерээк кездеме көп келип баштаганда, таар жана тери шымдар колдонуудан акырындык менен чыга баштаган.
Калпак
Көйнөк
Бел боо
Шым
Ѳтүк
Уруу башчылары, бийлер кандай кийинген?
Уруу башчылары, бийлер кандай кийинген?
Аттуу-баштуулар, бай, бийлер катардагы адамдардан өзгөчө кийинишкен. Себеби колунда барлардын кымбат кездемелерди алууга мүмкүнчүлүгү кѳп болгон, анын үстүнѳ тартууга аң-терилер, ичик-тондор келген. Баштарынан тебетей, калпак түшкөн эмес.

Киш калпак кийизден жасалып, эки капталы "киш" деп аталган баалуу жаныбардын териси менен жээктелген. Мындай калпактын байыркы үлгүсү Мамлекеттик тарых музейинде сакталып турат.

Бакай калпактын бийиктелип жасалышынын себеби — улуулукту, акылмандыкты билдирет. Колунда бар адамдардын, бийлердин тебетейлери жана ичик, тондору баалуу жаныбарлардын терисинен жасалган.

Модель: Бектемир Асангулов
Нооту чепкенди жасоодо алгач койдун жүнүнөн жумшак ийрилген жип таар болуп согулат. Андан соң таар ысык суу менен басылып, кийиздей болуп киргизилет. Мындай ыкмада жасалган, таардан тигилген чепкенди нооту чепкен деп айтышат.
Калпак
Нооту чепкен
Кѳйнөк
Таар шым
Кемер кур
Өтүк
Сууктан сактаган ичик, тондор
Сууктан сактаган ичик, тондор
Климаты катаал шартта жашаган аймактарда кышкысын аял-эркек дебей үстүнө ичик, тон кийишкен. Оокаттуу кыргыздар ичиктерди илбирс, карышкыр, сүлѳөсүн жана башка жандыктардын терилеринен жасатышкан. Алардын сырты бышык, каралжын кездеме менен сыртталган.

Көрпөдөн тигилген да тондор болгон. Аларды күнүмдүк жашоодо кийишкен. Эркектердин сырт кийиминин катарында кементай дагы бар. Кементай — табигый жүндөн, бышык кийизден жасалат. Кементайдын жеңин, жээктерин, жакасын кара баркыт менен жээктеп, шырып коюшкан.

Модель: Токтобек Асаналиев
Сүрөттөгү ичик карышкырдын терисинен тигилген, абдан жылуу келет. Аны колунда бар кыргыздар гана ала алышкан. Мындай сырт кийим сый жерлерге кийилген.
Суусар тебетей
Карышкыр ичик
Чапан
Көйнөк
Кемер кур
Шым
Өтүк
Камчы
Атанын көзү өткөндө кийими уулдарына берилген
Атанын көзү өткөндө кийими уулдарына берилген
Улгайып калган эркектер, карыя, аксакалдар тебетейдин алдынан топу кийишкен. Үйдө тебетейин алып топучан отурушчу. Алар үчүн топулар ак кездемеден тигилген. Колу билген аял жѳнѳкѳй эле кездемеден, бычпай туруп эле колго тепчип, "аракчын" деген топуну тигишкен.

Илгери ата-эненин көзү өткөндө алардын кийими эстелик катары балдарына таратылып берилген. Бул каада кыргыздын айрым аймактарында азыркыга чейин сакталып келе жатат. Ал эми эскирген баш кийимди "арты майлуу-сүттүү болсун" деп май менен майлап, отко жагып ийишкен.

Кыргыздын салттуу кийимин азыр көп учурда иш-чара, маанилүү мааракелерден гана көрүүгө болот. Бирок аны унутта калтырбай, эскилерин чогултуп, жаңыртып келе жаткан уздарды, кол өнөрчүлөрдү айтпай кетүү мүмкүн эмес. Дал ошол адамдардын арты менен салттуу кийим кайра жандана баштады.

Модель: Ашым Турускелдиев
Сүрөттөгү калпактын ѳзгѳчѳлүгү — кийизинин калыңдыгында жана тигилүүсүндѳ. Төрт талаа болуп бычылган калпактын бѳйрѳгүнѳн кара түстѳгү жибек жип менен курчалган. Мындай өзгөчөлүктөгү баш кийимди кытайлык кыргыздар кийишкен. Бул калпак болжол менен 1960-жылдары жасалган.
Кары жең чапан
Калпак
Көйнөк
Кемер кур
Шым
Өтүк
Авторлор
Таалайгүл Усенбаева, Айдай Асангулова

Фото, видео
Табылды Кадырбеков, Эмиль Садыров

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Жетекчи
Эрнис Алымбаев

Кийим боюнча сүрөтчү
Дөөлөт Рысбаев

Ассистент
Мирбек Сакенов

Эскерте кетсек, бул материалда салттуу кийимдин бардык түрү колдонулган жок

Булак
Клавдия Антипина "Түштүк кыргыздарынын материалдык маданиятындагы жана кѳркѳм ѳнѳрүндѳгү ѳзгѳчѳлүктѳрү", Амантур Акматалиев "Кыргыздын кол өнөрчүлүгү", Василий Бартольд "Кыргыздар. Тарыхый очерк", Саул Абрамзон "Кыргыздар: алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланышы", Чолпон Турдалиева "Кыргыздар Чокан Валихановдун эмгегинде", Айдар Көчкүнов "Кыргыздардын элдик кийимдери" китептери.

Колдоо көрсөткөндүгү үчүн "Кийиз дүйнө" коомдук фондуна, "Супара" этнокомплексине, Тилек Алдаяровго, Мырзабек Исаковго ыраазычылык билдиребиз.

Моделдер
Тагай Бектемиров, Чогултур Токтогул, Алтай Камчыбеков, Байэл Жаныбеков, Эмир Мураталиев, Абдунур Мелисбек уулу, Акай Белеков, Дөөлөт Рысбаев, Алмаз Батырканов, Алыбек Асангулов, Келдибек Иманбеков, Өмүрзак Кайыпов, Токтобек Асаналиев, Муратаалы Эрназаров, Нурадин Абдразаков, Бектемир Асангулов, Чолпонбай Борсунов, Ашым Турускелдиев
Жаңылыктар түрмөгү
0