2019-жылдын 5-февралында "Манас" аба майданына жана Бишкектеги эки авиакассага бомба коюлганы туурасында кабар түшкөн. Атайын кызматтар бирок жарылуучу затты тапкан жок. Буга байланыштуу "Ош" аэропорту жана бир катар стратегиялык жайлар текшерилди. Жалган кабар берген телефондук террорчуларды издөө башталды.