Милиция Жалал-Абаддан 7 килограммдан ашык гашиш саткан адамды кармады

© AFP / PHILIPPE HUGUENКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Шектүү 23-сентябрда атайын операциянын жүрүшүндө "Хонда Одиссей" автоунаасында товарын сатып жаткан учурда колго түшкөнү айтылды.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) оперлери жети килограммдан ашык гашиш сатып жаткан кишини колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Милициянын жүргүзгөн ыкчам иш-чарасынын жүрүшүндө А. аттуу жарандын Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен шугулданганы тууралуу маалымат түшкөн.

Почти 9 кг афганского гашиша изъяли за сутки в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жалал-Абадда бир суткада 9 килограммга жакын нашаа табылды. Видео
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Жалал-Абад облустук милициясы менен биргеликте "сатып алуу" деген рейд жүргүзүшкөн. Анын алкагында төрт-беш жолу жалпы салмагы 417 граммды түзгөн "гашиш" сатып алынган. Жыйынтыгында мыйзамсыз ишке шектүү катары Тогуз-Торо районунун 50 жаштагы К.Т. аттуу тургуну аныкталган.

23-сентябрда облустун Сузак районунда кезектеги операция учурунда "Хонда Одиссей" автоунаасында жети килограммга жакын баңгизатын сатып жаткан жеринен К.Т. аттуу жаранды милиция колго түшүргөн.

"Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жалпы салмагы 6 килограмм 940 грамм гашиш алынган. Буга чейин сатып алынган заттарды кошкондо баары 7 килограмм 357 граммга жеткен", — деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0