Өзбекстанда Кыргызстандан ири көлөмдө баңгизат ташыган адамдар кармалды

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүГашиш. Архив
Гашиш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Жазылуу
Пахта-Абад районунун эки тургуну 7,5 миң долларга бааланган 1 килограмм гашиш сатып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Өзбекстандын Анжиян облусунун баңгизатка каршы күрөшүү кызматы Кыргызстандан ири көлөмдө наркотикалык каражат ташып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады. Бул тууралуу облустук милицияга шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

"Пахта-Абад районунун эки тургуну 7,5 миң долларга бааланган 1 килограмм гашиш сатып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Алар Кыргызстандан Өзбекстанга ири көлөмдө баңгизат ташышчу", — деп айтылат кабарда.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0