Кызыл-Кыя шаарындагы өрт: 2500 чарчы метр жер күйүп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Өрттүн аянты болжол менен 2500 чарчы метрди түздү. Учурда тилсиз жоону толугу менен өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук базардан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлады.

"Саат 22:48де тилсиз жоо чектөөгө алынган. Өрттүн аянты болжол менен 2500 чарчы метрди түздү. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, бир нече саат мурда аталган базарда кездеме саткан дүкөндөн өрт чыкканы айтылган. Жеринде алты бөлүм иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0