Бишкекте жаранга ок атылды. Кылмышка шаардык кеңештин депутаты шектелип жатат

© AFP / SPENCER PLATTТапанчадан атып жаткан адам. Архив
Тапанчадан атып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Жазылуу
Окуя бүгүн эртең менен Бишкек шаарынын четинде болгон. Соцтармакка эки кишинин мушташып жаткан видеосу тарады. Болжолдуу маалыматтар боюнча, андагы адамдар ушул окуянын каармандары.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкекте ок жеп жаракат алган А.К. аттуу жаран ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Ленин райондук ИИБден билдиришти.

Окуя бүгүн эртең менен болгон. Саат 7:00дөр чамасында 102 кызматына чалуу түшүп, Ак-Ордо конушунда ок жеп жаракат алган А.К. аттуу жаранды Тез жардам кызматынын бригадасы алып кеткени кабарланган. Жерине милиция барганда жабыркаган киши Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылганы маалым болгон. Буга байланыштуу аны суракка ала алышкан эмес.

"Бирок анын үйүндө жубайы болгон. Ал жолдошу менен Бишкек шаардык кеңешинин Т.Т. аттуу депутаты телефон аркылуу сүйлөшүп жатып айтыша кеткенин билдирди. Бир нече убакыттан кийин Т.Т. белгисиз үлгүдөгү унаа менен келип А.К. аттуу жаранды сыртка чакырган. Аял дагы сыртка чыкканы менен жолдошу үйгө кирүүсүн суранган. 10 мүнөттөн кийин эле сырттан ок атылганы угулган. Аял чуркап чыгып жерде жаткан күйөөсүн көргөн. Ал бутуна ок жеп кансырап жаткан болот. Т.Т. болсо унаасын катуу ылдамдыкта айдап кетип калган. Аял Тез жардам кызматын чакырган", — дешти милициядан.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча каттоого алынып, экспертиза дайындалган.

Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагынын айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин активдүү тарапташтарынын бири болгон Алга Кылычев жабыркаган.

Соцтармакка эки кишинин мушташып жаткан видеосу тарады. Анын алдына булар Алга Кылычев менен Бишкек шаардык кеңешинин "Социал-демократтар" фракциясынан депутат Таалай Темиркулов экени жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0