Бишкекте шаар куруудагы чаржайыт пландан казына 20 млн. сом зыян тарткан

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши "Дело" папкасын алып жатат. Архив
Киши Дело папкасын алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Жазылуу
Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүн курууда мекеме жетекчилери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, казынага зыян алып келген. Учурда бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкек шаардык прокуратурасы Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура институтунун, шаардык мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын, ошондой эле "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан одоно мыйзам бузулгандыгын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Аталган мекемелердин кызмат адамдары мамлекеттин кызыкчылыгына каршы ченемдик-укуктук актылардын талаптарын бузуп, баш калаанын борбордук бөлүгүн пландаштыруу долбоорун иштеп чыгууда тиешелүү шарттарды аткарбастан, аны бекитүү үчүн Бишкек шаардык кеңешине сунушташкан. Анын кесепетинен функционалдык курулуш зоналары боюнча туура эмес долбоордук чечимдер кабыл алынып, бак-дарактар үчүн бөлүнгөн жашыл тилкелерди пайдалануучулардын жана айрым объектилердин ээлеринин укуктары бузулган.
Турак жай имаратынын курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Бишкекте 14 кабаттуу үйдү салууга уруксат мыйзамсыз берилгени аныкталды
Мындан сырткары, Шаар куруу жана жер титирөөгө туруктуу курулуш мамлекеттик илим-изилдөө долбоорлоо институту, Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматы жана "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы тарабынан топографиялык иш кагаздардын туура эмес даярдалганы анык болгон. Мунун натыйжасында курулган имараттардын координатташтырылган бурчтарынан айырмачылыктар табылган.
Жогорудагы мыйзам бузууларга карабастан, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери 22 111 563 сомго талапка жооп бербеген иштерди кабыл алып, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Жаңылыктар түрмөгү
0