Өлкөдө өткөн суткада коронавирус 30 адамдан чыкты

© REUTERS / Dado RuvicСитуация в мире в связи с коронавирусом
Ситуация в мире в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанды каптаган коронавирустан жалпы жонунан 16 адам көз жумду. Ал эми миңден ашык адам айыгып чыкты.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 30 кишиден COVID-19 аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1433 болду.

Кыргызстандагы COVID-19

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0