Өткөрүү пунктунун жанында медициналык кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстанды кыйнаган COVID-19. Абал боюнча сүрөт жана видео баяндама

Жазылуу
Кыргызстанда коронавирустун табылганына бүгүн 66 күн болот. Бул убакыттын ичинде инфекция кыргызстандыктардын шаштысын кетирди.

COVID-19 башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстандын экономикасына оңбогондой таасирин тийгизип, ал тургай 15 адамдын өмүрүн алып кетти.

Республикада буга чейин өзгөчө кырдаал киргизилип, элдин сыртка чыгуусу чектелген. Бирок бүгүндөн тарта борбор калаа Бишкекте коомдук транспорт жүрө баштады. Оору таралышы мүмкүн деген кооптуулук болсо да ири базарлар, соода жайлары ишин толук баштады.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:44 25.05.2020
18:40 25.05.2020

 Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эл көп топтолгон жерлерде, базарларда, соода борборлордо жана коомдук транспортто бет кап тагынбагандарга чара көрүлөрүн айткан.

Ссоода түйүндөрүнүн күзөт кызматы кардарлардын бет кап менен жүрүүсүн катуу көзөмөлгө алуусун белгилеген.

"Бүгүн, 25-майдан тарта экономиканын бир катар тармактарынын ишмердүүлүгү жанданып, шаар ичиндеги коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү ташый баштады. Буга байланыштуу шаар бийлиги, автотранспорт компанияларынын жетекчилери санитардык-дезинфекциялык чаралардын так аткарылышын көзөмөлдөөгө тийиш. Бет капсыз жүргөн жарандардын коронавирус инфекциясын жугузуу тобокелчилиги жогору. Ошондуктан коомдук жайларда бет кап тагынуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарыл", — деген вице-премьер.

15:17 25.05.2020

Россияда иштеген чет элдик жарандардын 15-марттан кийин жараксыз болуп калчу патенттеринин мөөнөтү 93 күнгө узартылат. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин сайтында жазылган.

"Патенттин мөөнөтү 15-марттан 15-июнга чейин бүтүп кала турган болсо, ал автоматтык түрдө 93 күнгө узартылат. Кошумча акы төлөөнүн дагы зарылдыгы жок. Бул аралыкта жумуш берүүчүлөр чет элдик кызматкерлеринен патентке төлөнчү акчаны аванс катары талап кылбашы керек", — деп айтылат билдирүүдө.


 

11:06 25.05.2020

"COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6 841 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 307 адам жатат", - деп билдиришти Республикалык штабдан. 

10:41 25.05.2020

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Бишкек шаарында 5 медициналык кызматкерлер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 1 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 280 учур катталды, алардын ичинен 231 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

10:39 25.05.2020

Өткөн суткада коронавирус жуктуруп алган дагы бир киши каза болду. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Биринчиси коомдук ишмер, экс-спикер Мукар Чолпонбаев, экинчиси  Жайыл районунун 67 жаштагы тургуну.

 

 

10:06 25.05.2020

Бишкек ш. – 9 + 8 Санкт-Петербург ш. келгендерден
Чүй облусу - 1
Нарын облусу - 5
Ош ш. - 3
Ош облусу - 1
 Жалал-Абад облусу - 2
Баткен облусу - 1

10:05 25.05.2020
10:04 25.05.2020
09:50 25.05.2020

Кытай дүйнөлүк илимий топтор менен коронавирустун булагын аныктоого даяр. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин айтымына таянып РИА Новости кабарлады.

 

Ситуация в Хубее из-за коронавируса  - Sputnik Кыргызстан
Кытай коронавирус кайдан чыкканын териштирүүгө даяр. Бирок бир шарт менен
09:48 25.05.2020

Иранда коронавирус жуктуруп алган 107 жаштагы кемпир айыкты. Бул тууралуу РИА Новости IRNA агенттигине шилтеме кылып жазып чыкты.

 

Ситуация в Франции из-за вспышки коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Иранда 107 жаштагы кемпир коронавирустан айыгып кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0