Теңи Нарында. Өлкөдө дагы 24 кишиден коронавирус аныкталды

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүСдача крови сотрудниками Росгвардии
Сдача крови сотрудниками Росгвардии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү апта өзгөчө абал режиминин акыркы жумасы. Бирок, тилекке каршы, вирус жуктуруп алгандардын саны азайбай жатат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 24 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Ушуну менен жалпы өлкө боюнча 895 учур болду.

"Бишкек шаарында эки, Чүй облусунда төрт, Ош облусу менен Жалал-Абадда үчтөн, Нарында 12 кишиден коронавирус табылды. Булардын арасында үч медицина кызматкери бар", — деди Үсөнбаев.

Жалпы жонунан 637 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Ушу тапта Кыргызстанда кырдаал кандай болуп жатканын тексттик трансляциядан билүүгө болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0