Кыргызстанда коронавирус жуктурган 44 кишинин учурдагы абалы айтылды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүОбследование на коронавирус жителей Владивостока
Обследование на коронавирус жителей Владивостока  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку маалымат боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жеткени маалым.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска кабылган жарандардын абалы өзгөрүүсүз, канааттандырарлык деп бааланууда. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облустук ооруканасында жаткан эки кишинин абалы орточо оор. Бирөө дагы деле реанимацияда жатат.

Ал эми бир жашка чейинки ымыркай, 6 жаштагы жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүмдүн дагы абалы туруктуу.

Бүгүн коронавирус жукканы аныкталган 35 жаштагы жигит менен 60 жаштагы кишинин абалы да канааттандырарлык.

Коронавирус Кыргызстанда

Аял раковинада самын менен колун жууп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Көчөгө чыгып келгенден кийин сөзсүз аткара турчу 8 эреже
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жетти.

25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылды

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз

Жаңылыктар түрмөгү
0