11:58 24 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD80.6300
  • EUR95.4498
  • RUB1.0544
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2324)
314 0 0

БАЭде коронавирус жуктурган дагы 15 адам аныкталды. Алардын бардыгы буга чейин инфекцияга кабылган адамдар менен байланышта болгон.

БИШКЕК, 18-мар. – Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинде кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталганын жергиликтүү thenational.ae порталы жазды.

Маалыматка караганда, кечээ күнү БАЭде коронавирус жуктурган 15 адам катталган. Алардын бардыгы буга чейин инфекцияга кабылган адамдар менен байланышта болушкан.

"Вирус жуктургандар Кыргызстан, Сербия, Италия, Нидерланддар, Австралия, Германия, АКШ, Греция, Россия, Украина, Бангладеш, Улуу Британия жана Испаниянын жарандары", — деп басылмада белгиленген.

Учурда бейтаптардын бардыгы БАЭде дарыланып жатат. Өлкөдө жалпы 113 адам оору жуктурган.

Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнө жүзү боюнча 200 миңге чукул адам коронавируска кабылып, 80 миңи сакайып кетти. Жети миңге жакыны көз жумду.

Кыргызстанда дагы коронавируска кабылган үч адам аныкталды. Үч жаран тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун жашоочулары

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2324)

Тема боюнча

Сауд Аравияга кичи ажылыкка Ысык-Көлдөн 16 адам барып келген. Бирөө изоляцияда
Коронавирус аныкталган үч киши менен келген 90 адам анализ тапшырууда
Кыргызстандагы коронавирус. Өкмөттүн брифинги
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, Бириккен Араб Эмираттары

ЭҢ МААНИЛҮҮ