Ошто айылдаштар автоунаа документинин айынан мушташа кетип, бири каза болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовМушташ. Иллюстративдүү сүрөт
Мушташ. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22-январь күнү саат 11:15те Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө аталган айылдын 45 жаштагы тургунунун сөөгү өз үйүндө табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кара-Суу районунун Сүрөттүү-Таш айылынын 46 жаштагы тургуну таанышынын боорун жара тээп, өлүмүнө себепкер болду деп шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

22-январь күнү саат 11:15те Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө аталган айылдын 45 жаштагы тургунунун сөөгү өз үйүндө табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине барган милиционерлер жаран киши колдуу болгонун аныктаган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жабырлануучу катуу соккудан улам боору жарылып каза тапканы белгилүү болгон.

“Изи сууй электе шектүү катары ошол эле айылдын жашоочусу кармалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, маркум менен кылмышка шектүү автоунаанын документи тууралуу чатакташып, мушташа кеткен. Жабырлануучу жыгылып түшкөн учурда шектүү буту менен боор тарапка катуу тээп жиберген. Ал эс-учун жоготкондо жардам көрсөтпөстөн үйүнө кетип калган. Кийин жабырлануучу алган жараатынан улам үйүндө каза болгон”, — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Маалыматка караганда, каза болгон адам 2014-жылдан бери жалгыз жашап жүргөн. Ал эми шектүү мурда эки ирет соттолгону айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0