Куйкаланган койдун башын талашып бычак жеп... Ноябрдагы соттук чечимдер

© Sputnik / Табылды КадырбековКуйкаланган койдун башы. Архив
Куйкаланган койдун башы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өгөй энесин өлтүргөн уул, агасын мыкаачылык менен тынчытып өрттөп жиберген бир тууган жана кичинекей кызын зордуктап келген ата сыяктуу иштерди фемида өкүлдөрү карап чыкты.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ноябрь айында чыккан соттук чечимдерди карап чыгып, айрым чуулуу окуяларды тизмектейт.

Койдун башына татыган өмүр

Мужчина с ножом в руке. Иллюстративное фото - Sputnik Кыргызстан
Уулуна бычак сайып жиберген ата эркинен ажыратылды. Соттук чечим
Борбор калаанын четинде иштеген касапчы кесиптеши менен уруша кетип, аны бычак менен эки жолу сайып жиберген. Алар куйкаланган койдун башын талашып мушташкан. Бычак жеген эркек ооруканада көз жумган. Маркум эки баланын атасы эле. Бычак урган киши кылганын толугу менен мойнуна алып, сот аны 14 жылга кесип, 130 миң сом төлөмөр кылды.

Тууганын өлтүрүп тынган

23 жаштагы айыпталуучу мас болуп келген 28 жаштагы агасы менен уруша кетип, аны темир менен башка чаап, тепкичтен түртүп жиберген. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон. Шектүү жасаган кылмышынын изин жашырып, маркумдун сөөгүн өрттөп, талаага көмүп салган. Тергөө маалында шектүү кырсык болгон күнү агасы мас болуп келип, аны сабаганын айткан.

"Ал күнү үйдө эч ким жок болчу, агам мас болуп келиптир, уктап жатсам мени сабап, муунтуп, бычак менен коркуткан. Ошондо үйдөн эптеп качып кеткем. Кайра беш мүнөттөн кийин үйгө келсем, башы канап жерде жатыптыр. Мен коргонгом, кылганым үчүн өкүнөм жана кечирим сурайм", — деп көрсөтмө берген.

Ошондой эле маркумдун буга чейин арак ичип келип апасына жана карындаштарына да кол көтөрүп келгени аныкталган. Жаш жигит сегиз жылга эркинен ажыратылды.

Көңүлдөшүн жазалатмак...

Насилие в семье - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө аялына кол салган бөтөлкөлөшүн өлтүрө сабаган үй ээси кесилип кетти
Эки баланын энеси бир жарым жылдай айылдашы менен ойноштук кылып жүрүп күйөөсүнө кармалып калган. Келин жолдошунан коркуп айылдашы аны зордуктап, көптөн бери күч колдонуп жыныстык катнашка мажбурлап келгенин айтып, жалаа жапкан.

Андан соң экөө укук коргоо органына арыз менен кайрылып, аял оюнан чыгарып көрсөтмө берип, кишини соттотууга аракет кылган. Погончондорго анын былыгы билинип, акыры чындыкты айтууга аргасыз болгон.

"Алгач мамилебиз жакшы болуп, кийин өзүмдүн каалоом менен жыныстык катнашта болуп келгем. Бир күнү ал эркек менен телефон аркылуу сүйлөшүп отурсам жолдошум кармап алган. Эмне кыларымды билбей күйөөмө ал мени зордуктап салган деп айтып салгам. Жеңил жаза берүүңүздөрдү өтүнөм", — деген айыпталуучу.

Ал эми келиндин айылдашы кылмыш жоопкерчилигине тартылган аял ага өзү жабышып, жакын болуп жүргөндө күйөөсүнө көңүлү жок экенин айтканын да кошумчалаган. Фемида өкүлдөрү келинди бир жылга шарттуу эркинен ажыратты.

Зөөкүр зордукчул

Мурун соттолгон 27 жаштагы эргул мас болуп алып кылмыш жасаган. Шектүү түн ортосунда колуна беткап кийип, бычак көтөрүп алып бир кыздын үйүнө кирип, аны "сенден өч алганы келдим, азыр сени өлтүрөм" деп коркутуп, кызды зордуктап, түрдүү ыплас иштерди жасаган. Андан соң окуя болгон жерден акча уурдап кетип калган. Сот аны тогуз жылга темир тор артында калтырды.

Өгөй энесин өлтүргөн уул

51 жаштагы айыпталуучу өгөй энесинин үйүнө мас болуп келип, ал жактан бир келин жана энеси болуп үчөө арак ичкен. Мейман болуп келген эркек жашы өтүп калган байбичени бир нече жолу бычак менен сайып жиберген. Кемпир окуя болгон жерде мүрт кеткен.

Балта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балтанын сабы менен чаап койгом... Кеминде аялын өлтүргөн эркек соттолду
Шектүү милиционерлерге каргаша кандайча болуп кеткенин билбей калгандыгын айткан.

"Үчөөбүз арак ичип отурганбыз, кандайча бычакты алып сайып жибергенимди билбейм. Күнөөмдү мойнума алам, төрт балам бар, жеңил жаза берүүңүздөрдү өтүнөм. Каза болгон аял менин өгөй энем болчу, аны менен буга чейин урушуп-талашкан эмесмин", — деген соттолуучу өз көрсөтмөсүндө.

Сот 1,5 ай мурун өзүнүн келинчегинен ажырап төрт баласын баккан эркекти 15 жылга эркинен ажыратты.

Чоң муштум күйөө

Соттолуучу келинчегин көпчүлүктүн көзүнчө паркта сабап салган. Окуяга алардын кичинекей баласы дагы күбө болуп, анда жубайлар ызы-чуу болуп, бири-бирине ызырынып күнөөлөшкөн. Көрсө, айыпталуучунун аялы жолдошунан ажырашуу үчүн талак сураса, күйөөсү ага кол көтөрүп жибергени аныкталган. Дарыгерлер жабырлануучунун денесинен көгала тактарды аныктаган. Чоң муштум эркек 40 миң сом айып төлөмөр болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0