Мэрия тез татымдагы өрттөн жабыркаган балдардын абалын айтты

© Sputnik / Нурис АлымбаевВзрыв фастфуда "Антошка" на пересечении проспекта Эркиндик и улицы Киевской в Бишкеке
Взрыв фастфуда Антошка на пересечении проспекта Эркиндик и улицы Киевской в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тез татымда болгон жарылууда бардыгы болуп жети бала жабыркаган. Төртөө №3 балдар ооруканасына, калганы Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилген.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкектин Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тез татымдагы жарылууда жабыркаган балдардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, №3 медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына төрт бала жеткирилген.

Алардын арасында 2, 10, 11 жаштагы үч кыз жана алты жаштагы бала бар. Бардыгынын абалы туруктуу.

Взрыв фастфуда Антошка в центре Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жалындаган өрт, күйгөн эт... Бишкектеги тез татым жайындагы жарылуудан 12 сүрөт
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жашы жете элек үч бала жеткирилген.

12 жаштагы баланын денесинин беш пайызы күйгөн. 15 жаштагы өспүрүмдүн дагы абалы дал ушундай. Ал эми 14 жашар баланын терисинин эки пайызы күйгөнү айтылды. Алардын абалы туруктуу, бирок стационардык дарылоого муктаж.

Эске салсак, 8-ноябрда саат 13:40тар чамасында Бишкектин Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги тез татымда жарылуу болгон. Кырсык болгон жерге тез жардам, өрт өчүрүү жана милиция кызматкерлери тартылган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, саат 18.00дө жабыркагандардын саны 14 кишиге жеткен. Учурда 10 киши ооруканада.

Жаңылыктар түрмөгү
0