БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкектин чок ортосундагы тез татымдагы жарылуудан каза болгон кызматкердин сөөгү табылды.
Эске салсак, Бишкектин чок ортосунда, тагыраагы, Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги тез татымда жарылуу болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кырсыктан жабыркагандардын саны 12ге жеткенин, жеринде тез татымдын бир кызматкери каза болгонун айтышкан.
Маалыматка караганда, маркумдун сөөгүн ӨКМ менен милициянын кызматкерлери өрттөнгөн имараттан алып чыгышты.
Бишкек шаардык милициядан каза болгон кыздын ким экендиги такталып жатканын билдиришти.
Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.