Взрыв фастфуда Антошка на пересечении проспекта Эркиндик и улицы Киевской в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан

Бишкектин чок ортосунда тез татым жарылды. Азыр эмне болуп жатат? Сүрөт, видео

Жазылуу
Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайындагы тез татымда жарылуу болду. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Тагыраагы, бул - Эркиндик жана Чүй проспектилеринин кесилишиндеги жай.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:26 08.11.2019

Саат 18:00гө алынган маалымат боюнча жарылуудан жабыркагандардын саны 15 кишиге жетти. Алардын жетөө балдар. Бир киши (тез татым жайда иштеген кыз) жеринде каза болгон. Жалпысынан ооруканага 10 жеткирилген.

16:03 08.11.2019

ӨКМ менен милиция кызматкерлери жарылуу болгон жерден сөөктү алып чыгышты.

15:56 08.11.2019

Жарылуу болгон жерден сүрөттөр

15:35 08.11.2019

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымдашынча, жарылуудан жабыркагандардын саны 12 кишиге жетти. Үчөө балдар. Алар тез жардам кызматы менен балдардын №3 шаардык ооруканасына алынып келип, дарыгерлер карагандан кийин амбулатордук дарыланууга чыгарылган.

Ал эми тогуз киши Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилген. Алардын абалы боюнча кошумча маалымат берилет.

15:29 08.11.2019

Маалыматка караганда, маркумдун сөөгүн ӨКМдин куткаруучулары менен милиционерлер имараттан алып чыгышты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кырсыктан жабыркагандардын саны 12ге жеткенин, жеринде тез татымдын бир кызматкери каза болгонун билдирди.

14:53 08.11.2019

Тез татым жайындагы жарылуудан бир аял каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ал аталган жайдын кызматкери болчу.

14:43 08.11.2019
Взрыв фастфуда Антошка на пересечении проспекта Эркиндик и улицы Киевской в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
14:37 08.11.2019

ӨКМдин маалыматына караганда, өрт саат 14.08де чектөөгө алынды. Жеринде үч өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат.

14:34 08.11.2019

Бишкектин чок ортосундагы тез татым жайындагы жарылуудан 12 киши жабыркады.

"Азыр так санын айтуу кыйын. Анткени ооруканага өз алдынча алып кеткендер болуп жатат. Негизинен көпчүлүгү күйгөндөр жана катуу коркуп калгандар", — деди Бишкек шаардык тез жардам кызматынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметов.

Башкы дарыгер жабыркагандардын үчөө №3 балдар ооруканасына жиберилди деп кошумчалады. 

14:31 08.11.2019
14:07 08.11.2019

Кырсык болгон жерден алгач биринчи жарылуунун үнү, андан кийин бир аздан соң дагы эки жарылуу угулган. 

Взрыв фастфуда Антошка на пересечении проспекта Эркиндик и улицы Киевской в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
14:12 08.11.2019

Тез жардам унаасы келип, жабыркаган бир нече кишини ооруканага алып кетти. Алдын ала берилген маалыматтарда, алардын арасында жаш балдар бар экендиги айтылууда. 

Жабыркагандардын бирин Кайгуул милициясы өзүнүн автоунаасы менен ооруканага алып кетти.

14:13 08.11.2019

Алдын ала берилген маалыматтарга таянсак, Ички иштер министрлигинин Кайгуул кызматынын өкүлдөрү жарылуу болгон учурда тез татымдын имаратынын ичинен баарын алып чыгууга үлгүрүшкөн.  Алардын айтымында,  ошол жерде иштеген кызматкерлердин айрымдары терезеден ыргып кеткен.

14:20 08.11.2019

Жеринде иштеп жаткан медиктердин айтымында, 10 жаштагы кыздын жаагы күйгөн. Ал эми эмчектеги баласы менен жаш келин жеңил жаракат алган. 

14:04 08.11.2019

ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, өрт өчүрүү кызматына 13.42де чакыруу түшкөн. Жерине өрт өчүрүүчү эки унаа кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0