Үч кишини аёосуз сабагандар абактан мушташа кетип, таяк жешти

Жазылуу
Бир туугандар 10 күндөн ашык убактан бери убактылуу кармоочу жайда жатышат. Абактагы мушташ бүгүн болгон. Алар №47 түзөтүүчү колонияга которулду.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Бишкекте үч кишини аёосуз сабаган деп шектелип жаткан бир туугандар Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков №1 СИЗОдогу камералаштары менен мушташа кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Окуя бүгүн, 19-сентябрь күнү, эртең менен болгон.

Правонарушение в КР - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте аёосуз сабалгандар: эмнеге экипаж командири кармалган жок?
Мушташтын катышуучуларынын бардыгы Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келинген. Эч ким жаракат алган эмес, болгону эти ооруп калган.

Бир туугандар №47 түзөтүүчү колонияга киргизилип, медициналык жардам көрсөтүлүүдө. ЖАМК мушташтын чыгып кетишине эмне себеп болгонун аныктап жатат.

Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичирайонундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген. Кийин шектүүлөр милицияга өздөрү келген. Ал эми милициядагы бир тууганы колго түшүрүлгөн.

Хотите узнавать раньше самые интересные и важные новости?
Подписывайтесь на наш Telegram-канал
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0