00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
16:31
20 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
Өлкөдө өспүрүмдөр арасында ашыкча салмактуулар көбөйүүдө — 80 пайызы туура эмес тамактангандар
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте аёосуз сабалгандар: эмнеге экипаж командири кармалган жок?

Жазылуу
Жактоочунун айтымында, ал коргоп жаткан кызматкерлердин аракетинде кылмыштын белгилери жок.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бишкекте эки кишини аёосуз сабагандардын иши боюнча ШИИБдин кайгуул-күзөт милициясынын эки кенже кызматкери кармалып, командири эркиндикте жүрөт. Бул тууралуу кармалгандардын биринин жактоочусу Жыргалбек Бабаев билдирди.

Пресс-конференция о задержании подозреваемых в жестоком избиении в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Милиция кишилерди аёосуз сабагандар кантип кармалганын айтып берди. Видео
Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7.00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар оор абалда ооруканага жеткирилген.

Адвокаттын айтымында, ал коргоп жаткан кызматкерлердин аракеттеринде кылмыштын курамы жок.

"Кармалгандар экипаждын айдоочусу жана автоматчик. Булар протокол түзүп же тергөөчүнүн суроолоруна жооп бергенге укугу жок. Муну экипаждын командири кылышы керек. Мен коргоп жаткан адамдардын аракетинде кылмыштын курамы жок. Анын үстүнө айдоочу окуя болгон учурда автоунаадан чыккан эмес. Бул тууралуу видеодон көрсө болот", — деди жактоочу.

Бабаевдин айтымында, экипаж мүчөлөрү шектүүлөрдү милиция бөлүмүнө алып келип, нөөмөттөгү кызматкерге өткөрүп бергени видео көзөмөлдө көрүнүп турат. Демек жоопкерчилик ошол адамда. Жактоочу кармалгандардын арасында экипаж командири гана эмес, ИИБдин нөөмөттөгү тергөөчүсү дагы жоктугуна таң калууда.

УКМКнын маалымат кызматы жактоочунун билдирүүсүнө үн ката элек.

Шектүүлөр жана милиционерлер тууралуу

Адамга кол салуу фактысы боюнча Жаныбек Бапышев жана Калысбек Сеитбеков кармалган. Алар милициянын майору Казыбек Бапышевдун бир туугандары.

Сотрудник милиции города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: балдарды аёосуз сабагандар менен иштен алынган милиционер бир тууган
ИИМдин ички иликтөө кызматы текшерүү иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында окуя болгон жерге барган милиционерге каршы кылмыш иши козголгон. Анткени шектүүлөрдү милиционерлер алып кетип, бирок кийин алар табылбай калып, издөө жарыяланган.

Укук коргоочулар Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 348-беренеси ("Кылмышты жашыруу") боюнча шектүү катары каралып жатат.

Ички иштер органдарынан билдиришкендей, милициянын майору Казыбек Бапышев иштен алынган. Ал эми 6-сентябрда Бишкек ШИИБдин кайгуул-күзөт милициясынын эки кызматкери кармалган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0