Бишкектеги кафеде америкалык жоокерлер мушташ чыгардыбы? Элчиликтин жообу

Жазылуу
Окуя августтун башында болгон. Милиция окуянын катышуучуларын аныктап жатат.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде иштеген америкалык эки жоокер Бишкектеги кафеден эки жигитти сабап салды деген маалыматка элчилик комментарий берди.

“Окуя 4-августка караган түнү болгон. Чет өлкөлүктөрдүн бири кафеде эс алып жаткан жигиттерге тийишип, чуу чыгарган. Алар мушташтан баш тартып коюшса, жоокерлер жигиттерге “эркек эмессиңер” деп намысына тийген”, - деп ЖМКлардын бири жазды.

Материалда ошондой эле жоокерлердин бири жигиттин тишин сындыра уруп, кайра кечирим сураганы айтылат. Бир маалда аларды кесиптештери келип алып кеткени белгиленген.

Село Максат Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Эки кишини аёосуз сабагандар Кыргызстандан качууга аракет жасашты
Sputnik Кыргызстан агенттиги элчилик менен байланышканда чууну жергиликтүүлөр чыгарганын айтышты.

“Ызы-чуу америкалыктардын айынан чыккан эмес. Элчиликтин кызматкерин жигиттер өздөрү мушташка чакырган. Мушташ учурунда Кыргызстандын жараны кулап кетип тиши сынган. Элчилик укук коргоочулардын жардамын жогору баалайт”, - деп билдирген. 

Бишкек ШИИББден бул тууралуу маалыматты кечээ эле, 4-сентябрда, жалпыга маалымдоо каражаттарынан алганын айтышты. Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча каттоого алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0