Бишкекте унаа эки кишини сүзүп кетти. Кырсыктан кийинки сүрөт

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуВ Бишкеке автомобиль марки Daihatsu Sirion совершил наезд на двоих мужчина на проспекте Чингиза Айтматова в Бишкеке
В Бишкеке автомобиль марки Daihatsu Sirion совершил наезд на двоих мужчина на проспекте Чингиза Айтматова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы жекшемби күнү, 25-августта, болжол менен саат 21:15те Asia Mall борборунун маңдайында болгон.

БИШКЕК, 25-авг — Sputnik. Бишкекте Daihatsu Sirion үлгүсүндөгү автоунаа адамдарды сүзүп кеткенин Sputnik агенттигине окуянын күбөсү кабарлап, "Бишкек сегодня" Telegram-каналына сүрөт жиберди.

Жол кырсыгы жекшемби күнү, 25-августта, болжол менен саат 21:15те Asia Mall борборунун маңдайында болгон.

Күбөнүн айтымында, айдоочу Айтматов проспектиси менен түштүк тарапка кетип бара жаткан.

"Унаа соода борборунун жанынан өтүп бара жатканда алдынан эки киши чыгып, аларды машина коюп кетти. Бирөөсү каршы тилкеге ыргып кетсе, экинчиси жолдун четине отуруп калды. Мен дарыгерлерди чакырганымда, алар ооруканага баруудан баш тартты. Бирок айдоочу аларды унаасына отургузганын көрдүм. Жабыркагандар ичип алгандай көрүндү", - деп айтып берди окуянын күбөсү.

Өз кезегинде унаанын айдоочусу Sputnik агенттигине эркек кишилерди коюп кетпегенин билдирди.

"Мен алардын келе жатканын жана ортодогу аралыкты көргөм. Бирок алардын түтүк көтөрүп келе жатканын байкаган эмесмин. Менин унаамдын маңдайкы терезеси дал ошол түтүктү сүздү. Кишилер жабыркаган эмес", - деди айдоочу.

Аталган фактыны Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан тастыкташты. Алар ал жакка автоинспектор жиберилгенин кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0