На месте пожара на складе в восточной части Бишкека - Sputnik Кыргызстан

Бишкектин чыгышында чыккан өрттүн тексттик трансляциясы. Сүрөт, видео

Жазылуу
Бишкектин чыгыш тарабында өрт чыкканы тууралуу күбөлөр билдиришти.

ӨКМдин алдын ала маалыматына караганда, өрт Чолпон-Ата №1а дарегиндеги кампадан чыккан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
10:07 23.08.2019

Чокан Валиханов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги кампадан чыккан өрт түнкү саат 1.21де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматына билдирди.

Кампа кытай ишкерлерине тиешелүү экени, анда кездеме сакталып турганы айтылган. 

"Өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 2800 чарчы метрди түзгөн азык-түлүк, кездеме жана пластик түтүкчөлөрдү сактоочу кампа күйдү. Бир адам жеңил жаракат алган", — деп айтылат билдирүүдө.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

21:52 22.08.2019

Чокан Валиханов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 102 кызматына саат 19.05те түшкөн.
"Өрт "Мекен дос" ЖЧКсынын тажрыйба-эксперименталдык механикалык заводунда чыккан. Кырсык болгон жерге Октябрь райондук жана Бишкек шаардык милициясынын 100дөн ашуун кызматкери тартылды. Жабыркагандар жана каза тапкандар жок”, — деп айтышты Бишкек милициясынан.

21:07 22.08.2019
20:17 22.08.2019

Дагы бир өрт өчүрүүчү унаа тартылды. Куткаруучулар шаты менен жалын жармашкан коңшу имаратка чыгып жатышат. 

20:04 22.08.2019

Милиция кызматкерлери кишилерди өрт чыккан аймактан чыгарып жатат. Түтүн суюла баштады.

 

19:58 22.08.2019

Жалын коңшу имаратка жармашканы айтылды. Кырсыктан бир адам жабыркап, тез жардам кызматы алып кетти. 

Пожар на складе в восточной части Бишкека - Sputnik Кыргызстан
19:49 22.08.2019

Куткаруучулар өрттү чектөөгө аракет жасап жатышат. 

Пожар на складе в восточной части Бишкека - Sputnik Кыргызстан
19:39 22.08.2019

Кырсык болгон жерге Sputnik агенттигинин кабарчылары барып, сүрөттөрдү жиберип жатат

Пожар на складе в восточной части Бишкека - Sputnik Кыргызстан
19:38 22.08.2019

ӨКМдин алдын ала маалыматына караганда, өрт Свердлов районуна караштуу Чолпон-Ата №1а дарегиндеги кампадан чыккан. Кырсык тууралуу маалымат куткаруучуларга саат 18.42де түшкөн.

19:32 22.08.2019

Бишкек шаарынын чыгыш тарабында өрт чыкканын күбөлөр маалымдап, видеосун жиберишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0