Ош — Бишкек жолунда өзбекстандык жаран кырсыктап, унаа менен кошо күйүп кетти. Сүрөт

© Sputnik / Зульфия ТургуноваТоктогул районунда жол кырсыгына кабылган автоунаа жүргүнчү менен кошо өрттөнүп кетти.
Токтогул районунда жол кырсыгына кабылган автоунаа жүргүнчү менен кошо өрттөнүп кетти. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Stepwgn автоунаасында өзбекстандык айылдаштар бара жаткандыгы белгилүү болду.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Токтогул районунда жол кырсыгына кабылган автоунаа жүргүнчү менен кошо өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн өкүлү Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Honda Stepwgn менен Тоyota Camry автоунаалары кагылышып, анын кесепетинен биринчи унаа жүргүнчүсү менен кошо өрттөнүп кетти. Ал унаада өзбекстандык айылдаштар бара жаткандыгы белгилүү болду.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваТоктогул районунда жол кырсыгына кабылган автоунаа жүргүнчү менен кошо өрттөнүп кетти.
Токтогул районунда жол кырсыгына кабылган автоунаа жүргүнчү менен кошо өрттөнүп кетти. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Токтогул районунда жол кырсыгына кабылган автоунаа жүргүнчү менен кошо өрттөнүп кетти.
© Sputnik / Зульфия ТургуноваStepwgn менен Тоyota Camry автоунаалары менен кагылышып, натыйжада биринчи унаа жүргүнчүсү менен кошо өрттөнүп кетти.
Stepwgn менен Тоyota Camry автоунаалары менен кагылышып, натыйжада биринчи унаа жүргүнчүсү менен кошо өрттөнүп кетти. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Stepwgn менен Тоyota Camry автоунаалары менен кагылышып, натыйжада биринчи унаа жүргүнчүсү менен кошо өрттөнүп кетти.
© Фото / Зульфия ТургуноваАл унаада өзбекстандык айылдаштар бара жаткандыгы белгилүү болду.
Ал унаада өзбекстандык айылдаштар бара жаткандыгы белгилүү болду. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ал унаада өзбекстандык айылдаштар бара жаткандыгы белгилүү болду.
1/3
Токтогул районунда жол кырсыгына кабылган автоунаа жүргүнчү менен кошо өрттөнүп кетти.
2/3
Stepwgn менен Тоyota Camry автоунаалары менен кагылышып, натыйжада биринчи унаа жүргүнчүсү менен кошо өрттөнүп кетти.
3/3
Ал унаада өзбекстандык айылдаштар бара жаткандыгы белгилүү болду.

Окуя бүгүн, 28-июлда, саат 8:00 чамасында Ош—Бишкек жолунун 400-чакырымында болгон.

Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Алайда Daewoo Calos унаасы 26 метр бийиктеги жардан кулап кетти
Ош облусундагы Кара-Суу шаарынын 38 жаштагы тургуну Toyota Camry унаасы менен Оштон Бишкекти көздөй бара жатканда каршы тилкеге чыккан. Натыйжада Stepwgn унаасын сол капталынан сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен Honda Stepwgn унаасындагы жүргүнчүлөрдүн бири, андан сырткары жүктөр, документтер кошо күйүп кеткен. Каза болгон адамдын аты-жөнү такталып жатат. Калган алты жүргүнчү денесинен түрдүү жаракат алып, Токтогул районундагы Үч-Терек аймактык ооруканасына жаткырылган. Stepwgn унаасындагы жүргүнчүлөрдүн баары коңшу Өзбекстандын Фергана облусунун тургундары экени аныкталган.

Алар:

1. Х.И., 1989-жылы туулган;

2. С.А., 1991-жылы туулган;

3. Ж.Р., 1986-жылы туулган;

4. С.Ж., 1998-жылы туулган;

5. А.Х., 1990-жылы туулган;

6. Ш.Р., 1986-жылы туулган.

"Ал эми Toyota Camry унаасынын айдоочусуна биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Андагы үч жүргүнчү жеңил жаракат алып, окуя болгон жерден кетип калган", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин да адам өмүрүн алган жол кырсык катталган. Каракол шаарында минивен токтоп турган Subaru Forester автокөлүгүн сүзүп, кырсыктан аял каза таап, сегиз жаштагы небереси ооруканага түшкөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0