Соо жери жок. Турмушка жаңы чыккан келин 10 күндөн кийин ур-токмокко алынды

Жазылуу
Мас болгон күйөөсү жаңы барган келинди эсинен тангыча сабаган.

БИШКЕК, 3-июн. – Sputnik. Өзбекстандын Самарканд облусунун Булунгур шаарында турмушка чыккандан 10 күндөн кийин жаш келин жолдошунан токмок жеп, кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.

Маалыматта 31 жаштагы Зухра Умарованын күйөөсү бетинин соо жерин калтырбай сабап салгандыгы айтылган.

Сүрөткө түшүп жаткан халатчан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Халатчан сүрөтүн жиберген. Кызганып, жолдошунун кесиптешин сабаган келин
Өзбекстандык аял 18-майда турмушка чыгып, 10 күн өтүп-өтпөй ооруканага түшкөндүгүн айтып берген. Ал күнү күйөөсү дүкөнгө балмуздакка кетип, мас болуп келип уруш чыгарган. Эшикти ичинен бекитип алып, аялы эсин жоготконго чейин сабаган.

Аялдын чаңырып жатканын уккан кошунасы чуркап келип, төбө чачты тик тургузган картинаны көргөн. Зухранын башы жарылып, көздөрү шишип, бети таанылбай калган. Ал киши келинди реанимация бөлүмүнө жеткирген.

Умарова укук коргоо органдарына арызданганда милициядан дарылануу керектигин айтып, бирок соттук медициналык экспертизадан өтпөй коюуга кеңеш беришкен. "Бул ага кымбатка түшүп каларын" айтышкан.

Бул маселе боюнча Sputnik Өзбекстанга компетенттүү органдар комментарий бербегендигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0