БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылында 4 жашар кызды зордуктап өлтүрүлүп жана 7 жашар бала менен 47 жаштагы аял муунтуп өлтүрүлгөн үйдүн сүрөтүн жарыялады.
Буга чейин шектүүнүн да сүрөтү жарыяланган болчу.
Билдирүүгө ылайык, 21-декабрь күнү Жумгал райондук нөөмөт бөлүмүнө "Көк-Ой айылында өрт чыгып, үй-бүлө каза болуптур" деген маалымат түшкөн.
Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө 47 жаштагы аял менен анын жети жаштагы небереси муунтуп өлтүрүлгөнү, ал эми төрт жашар кыздын зордукталып өлтүрүлгөнү аныкталган. Аталган факты боюнча Жумгал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча иш козголду.
Бул кылмышка барды деген шек менен Көк-Ой айылынын 29 жаштагы тургуну кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, көрсөтмө берген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.