Садыр Жапаровдун иши жаңы жагдайдан улам кайра каралмакчы

© Фото / пресс-служба ГСИН КРАрестованный политик Садыр Жапаров
Арестованный политик Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Райондук прокуратуранын токтомун бузуп, ишти кайра кароо үчүн райондук сотко 1-декабрга чейин жөнөтүшү керек.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. 11,5 жылга кесилген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун иши жаңы жагдайдан улам кайрадан каралат. Бул тууралуу анын адвокаты Шарабидин Токтосунов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Жактоочунун айтымында, Бишкек шаардык прокуратурасы анын жаңы жагдайлар бар экени тууралуу жазган арызын карап чыгып, канааттандырган. Эми шаардык прокуратура райондук прокуратуранын токтомун бузуп, ишти кайра кароо үчүн райондук сотко 1-декабрга чейин жөнөтүшү керек.

Молоток судьи - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров эмнеге акталбай калганын аны соттогон судья түшүндүрүп берди
Токтосунов Садыр Жапаров учурда Молдовановка айылындагы биринчи колонияда кармалып турганын, ден соолугу жакшы экенин белгиледи. Ал Жапаров менен такай байланышып, бир айда эки жолу барып кат-кабар алып турарын кошумчалады.

Буга чейин Токтосунов Жогорку сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган чечим чыгаргандан кийин жаңы жагдайлар бар экенин, бул боюнча Башкы прокуратурага кайрыларын журналисттерге билдирген болчу. 

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, 2017-жылы 2-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан 11 жыл 6 айга кесилген. Кийин райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Жогорку соттун сот коллегиясы быйыл июнь айында ишти карап, шаардык соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган болчу

УКМК 2017-жылы 25-мартта Садыр Жапаровду чет өлкөдөн Кыргызстанга киргенде камакка алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0