Бишкекте окуучу кыздар чачташты. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи женской драки
Случаи женской драки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучу кыздар 25-апрелде урушуп кетишкен

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Окуучу кыздардын мушташы тартылган видео интернетке жарыяланды. Анда төрт  кыз тартылып калган. Эки кыз чачташып, бири-бирин тээп жатканда үчүнчү кыз аларды ажыратып жатканын көрүүгө болот.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 24-апрелде "Көлмө" жаңы конушундагы №78 мектептин окуучу кыздары мушташа кеткен.

"Аталган окуя боюнча тергөө башталды. Мектепке Биринчи Май РИИБдин жетекчилиги менен тергөө тобу кетти. Учурда абалдын чоо-жайын аныктоо үчүн окуучу кыздардын ата-энеси менен түшүндүрүү иштери жүрүп жатат", — деп милициядан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча чыр окуучулар сабактан чыккандан кийин болгон. Кыздардын бирөө экинчисин түртүп жибергендиктен, алар чачташа кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0