Жети-Өгүздө кар көчкүдө калган жаранды 100дөн ашык киши издеп жатат

© Фото / пресс-служба МЧС КРСнежная лавина в Джеты-Огузском районе
Снежная лавина в Джеты-Огузском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түшкөн кар көчкүнүн болжолдуу көлөмү 155 миң куб метрге жетет

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл аймагында аңчылыкка чыгып, кар көчкүдө калган 39 жаштагы жаранды издөөгө бүгүн, 24-январда таңкы саат 5:45те 52 куткаруучу жана 50 жергиликтүү тургун чыгып кетишти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, кечээ, шейшемби күнү саат 17:00дөр чамасында Көк-Жайык жайлоосунун Телти участогунда кар көчкү түшүп, ал аймакта жүргөн үч адамдын бирин басып калган

Алар аталган жерде отун чогултуп жүргөнү айтылган.

"23-январь күнү саат 20.20га чейин жеринде 50гө чукул адам иштеп, кар басып калган жаранды табышкан эмес. Бүгүн таң эртеден башталган издөө иштерине 52 кесипкөй куткаруучу, жергиликтүү 50 тургун тартылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, кар көчкүнүн болжолдуу көлөмү 155 миң куб метр.

Жаңылыктар түрмөгү
0