Бишкектин милициясы 500 кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Текшерүү башталды

Жазылуу
Кызматтык териштирүүнүн материалдары юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага берилет

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБинин кызматкерлери 500дөн ашык кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

АКШ долларларын санап жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин тургунун шылуун 27 миң долларга отургузуп кеткен. Шектүү кармалды
Свердлов РИИБдин кызматкерлерине карата жарандардан арыздануулар келип түшкөндүктөн аларга карата жумушчу комиссия түзүлдү. Анын курамына ИИМдин борбордук аппаратынын жана Бишкек ШИИБдин кызматкерлери кирди.

Учурда комиссия РИИБ жетекчилигинин жана "Дордой" соода-комплексинин аймагында иштеген №7 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин ишин иликтеп жатат.

Текшерүү учурунда милиция кызматкерлери 500дөн ашык фактыга кылмыш ишин козгоодон баш тартышканы аныкталган.

"Бул документтер баш тартылган материалдар боюнча кабыл алынган чечимдерди жокко чыгаруу жана кылмыш ишин козгоо боюнча Башкы прокуратурага жөнөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Эреже бузгандардын айыбы аныкталса аларга карата дисциплинардык чаралар көрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0