БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бишкектин тургунунан 2013-жылы 26 миң 800 доллар алып из жашырып кеткен киши жакында эле кармалганын шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.
Жабырланган кишинин айтымында, мындан 3,5 жыл мурда Айбек аттуу киши анын ишенимине кирип, ири суммадагы акчаны алып, кайра берем деген боюнча жоголуп кеткен.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жакында эле шектүү жаран кармалып, анын Ош облусунда туулганы аныкталды.
Учурда ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.