БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кара-Көл шаарынын аймагына жакын жердеги Кара-Суу дарыясына түшүп кетип, улгайган аял каза тапты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
"Кечээ, 18-декабрь күнү түшкө жуук ӨКМдин төрт куткаруучусу Кара-Суу дарыясынан болжол менен 70 жаш чамасындагы кемпирдин сөөгүн алып чыгышты", — деп айтылат маалыматта.
Куткаруучулар сөөктү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.