04:34 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Жол кырсыгынан жабыркаган адамга жардам көрсөтүү. Архив

Ысык-Көлдө машина алдында калып набыт болгон адамдын ким экени такталууда

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (455)
265 0 0

Маркумдун сөөгүнүн жанынан ак түстөгү унаанын боетун калдыгы, фаранын сыныктары табылган

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдө жөө адамды унаа сүзүп каза тапты. Ал эми күнөөкөр изин жашырып кеткен. Бул тууралуу аймактык ИИБден билдиришти.

Кишинин сөөгү Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол трассасындагы Тогуз-Булак айылын көздөй кеткен бурулуштан табылган. Маркум 40-45 жаш чамасында экени болжолдонууда.

Ыкчам тергөө тобу жерине келип, сөөктүн жанынан ак түстөгү унаанын боекторунун калдыгын жана фаранын сыныктарын тапкан. Мындан тышкары, 1092 сом табылган.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Көк-Сай айылынын (Тоң району) 44 жаштагы тургуну кармалды. Анын Honda Odissey үлгүсүндөгү унаасы айып короого токтотулган.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Каза болгон кишинин тек-жайы такталып жатат.

Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (455)

Тема боюнча

Бишкектеги өкмөттүк трассада бир нече унаа кагышты. Жеринен тартылган видео
Бишкекте айдоочуларга жай жүрүүнү эскерткен таблону унаа талкалап кетти. Видео
Белгилер:
жол кырсык, Ысык-Көл облусу
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ