БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкекте катталган ири жол кырсыгынан үч киши жаракат алды, алардын бирөө кичинекей бала. Бактыга жараша каза болгондор жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигиндеги булак билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн саат 11:00дөр чамасында Гагарин жана Садырбаев (мурунку Бах — ред.) көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаа кагышкан. Күбөнүн айтымында, Howo автоунаасынын тормозу кармабай калып, Mercedes Sprinter микроавтобусун жана Volksvagen Golf 3 жеңил автоунаасын коюп кеткен.
Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.