09:57 18 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3000
  • EUR80.1489
  • RUB1.0596
Кара-Суу районундагы Шарк айылында окуучуларды ташып бараткан маршрутка аласалып, алты окуучу жабыркаган

Ошто окуучуларды ташып бараткан маршрутка аласалып кетти

© Sputnik / Зульфия Тургунова
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (512)
113111

Милициянын маалыматына караганда, Honda Step унаасынын 25 жаштагы айдоочусу телефонго алаксып кеткен

ОШ, 4-окт. — Sputnik. Кара-Суу районундагы Шарк айылында окуучуларды ташып бараткан маршрутка аласалып, алты окуучу жабыркаганын облустук Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечелов билдирди.

  • Кара-Суу районундагы Шарк айылында окуучуларды ташып бараткан маршрутка аласалып, алты окуучу жабыркаган
    Кара-Суу районундагы Шарк айылында окуучуларды ташып бараткан маршрутка аласалып, алты окуучу жабыркаган
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Кырсык 3-октябрь күнү саат 18.00дөр чамасында катталган. Окуучуларды үйүнө жеткирип бараткан Mersedes Benz-313 үлгүсүндөгү маршруттук такси Honda Step автосу менен кагышып, аласалып кеткен
    Кырсык 3-октябрь күнү саат 18.00дөр чамасында катталган. Окуучуларды үйүнө жеткирип бараткан Mersedes Benz-313 үлгүсүндөгү маршруттук такси Honda Step автосу менен кагышып, аласалып кеткен
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Кырсыктын кесепетинен алты бала жабыркап, Ош облустук ооруканага жеткирилди.
    Кырсыктын кесепетинен алты бала жабыркап, Ош облустук ооруканага жеткирилди.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 3
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Кара-Суу районундагы Шарк айылында окуучуларды ташып бараткан маршрутка аласалып, алты окуучу жабыркаган

Анын айтымында, кырсык 3-октябрь күнү саат 18.00дөр чамасында катталган. Окуучуларды үйүнө жеткирип бараткан Mersedes Benz-313 үлгүсүндөгү маршруттук такси Honda Step автосу менен кагышып, аласалып кеткен.

"Маршруткада "Жетиген" мектеп-гимназиясынын окуучулары болгон. Кырсыктын кесепетинен алты бала жабыркап, Ош облустук ооруканага жеткирилди. Алардын үчөөнө тиешелүү жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген. Ал эми калган үчөө ооруканада", — деди Бечелов.

Ал ошондой эле кырсыкка Honda Step унаасынын 25 жаштагы айдоочусу телефонго алаксып кеткендиги себеп болгондугун кошумчалады.

Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (512)

Тема боюнча

ГЭС-5те Porter жана Subaru Outback унаалары кагышып атасы менен кызы мерт кетти
Жолдо жок болгон үй-бүлө, тойдо кызынан айрылган ата-эне. Сентябрдагы кырсыктар
Тез жардамды сүзгөн Mercedes автосун 23 жаштагы мас кыз айдап бара жаткан
Белгилер:
окуучулар, кырсык, Ош
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ