16:24 24 Аяк оона 2017
Түз эфир
Бишкектеги Ботаникалык бакта кайтадан өрт чыккан

Бишкектеги Ботаникалык бакта кайтадан өрт чыкты

© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
12820

Борбордук өрт өчүрүү кызматы аталган маалыматты тастыктады

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бишкектеги Ботаникалык бакта кайтадан өрт чыкканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Бишкектеги Ботаникалык бакта кайтадан өрт чыкты

Анын айтымында, өрт Ботаникалык бактын түштүк бөлүгүндө чыккан.

Ал эми Борбордук өрт өчүрүү кызматы атайын бригада саат 16:02де аталган дарекке чыгып кеткенин маалымдады. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, чыккан өрт саат 17:20да толугу менен өчүрүлгөн.
"Өрт 400 чарчы метр жерге жайылган", — деп айтылат маалыматта. 

Тилсиз жоонун алдын алуу үчүн бир өрт өчүрүүчү машина тартылган.

Белгилей кетсек, Ботаникалык бакта буга чейин да бир нече жолу өрт чыгып, анын жетекчиси Медет Ахматов аталган жайда коопсуздукту сактабагандыгы үчүн премьердин буйругунун негизинде кызматтан алынган. Өкмөт тараткан билдирүүгө ылайык, июль, август айларында Ботаникалык бакта сегиз жолу өрт катталган.

  • Бишкектеги Ботаникалык бакта кайтадан өрт чыкканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди
    Бишкектеги Ботаникалык бакта кайтадан өрт чыкканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков
  • Анын айтымында, өрт Ботаникалык бактын түштүк бөлүгүндө чыккан
    Анын айтымында, өрт Ботаникалык бактын түштүк бөлүгүндө чыккан
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков
  • Ал эми Борбордук өрт өчүрүү кызматы атайын бригада саат 16:02де аталган дарекке чыгып кеткенин маалымдады.
    Ал эми Борбордук өрт өчүрүү кызматы атайын бригада саат 16:02де аталган дарекке чыгып кеткенин маалымдады.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков
1 / 3
© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Бишкектеги Ботаникалык бакта кайтадан өрт чыкканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди

Тема боюнча

Ботаникалык бактын директору такай болуп жаткан өрттөн улам кызматтан алынды
Бишкектин Гагарин көчөсүндөгү жеке турак жайдан өрт чыкты. Күбө видеосу
Белгилер:
Өрт, ботаникалык бак, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ