12 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды делген дарыгерди министрлик текшерет

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖМКлардын маалымдашынча, доктур ооруканадан кызга ийне сайып, андан кийин зордуктоого аракет кылган

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. 12 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп кине коюлуп жаткан Кемин районунун дарыгеринин иши боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өспүрүм кыздын туугандары министр Талантбек Батыралиевдин атына арыз жазышкан. Түзүлгөн комиссия окуянын чоо-жайын иликтеп, аталган фактыны министр жеке көзөмөлүнө алды.

Пакистанда 20 кишиден турган Айыл кеңешинин чечими менен 16 жаштагы кыз ата-энесинин көзүнчө зордукталган үй - Sputnik Кыргызстан
Пакистан: Айыл кеңешинин чечими менен 16 жашар кыз эл алдында зордукталды
Чүй ОИИББ бул тууралуу кийинчерээк маалымат берерин белгиледи.

Буга чейин K-News маалымат агенттиги Орловка шаарында 53 жаштагы дарыгер 12 жаштагы кызга ийне сайып, аны зордуктоого аракет кылганын жазып чыккан.

Кыздын таякесинин айтымында, окуя 6-сентябрда саат 04:00 чамаларында болгон.

Аталган агенттик кыз алган дарынын таасири менен кыймылдай албай жатканда дарыгер бир нече ирет палатага кирип, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаганын жазат.

Жабыркаган өспүрүмдүн туугандары милицияга арыз жазып, сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүшүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0