Бишкекте кызганычтын айынан бир өмүр кыйылды

© Sputnik / Табылды КадырбековТапанча кармаган адамдын архивдик сүрөтү
Тапанча кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 8-июлга караган түнү шаардагы кафелердин биринде болгон

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы кафелердин биринде адам өлтүрүү болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык 8-июлда саат 03:00дөр чамасында болгон.

"Окуя болгон жерге барганда милиция 28 жаштагы баланын сөөгүн табышкан. Кийин ал калаа тургуну экени аныкталган. Кафеден анча алыс эмес жерден тапанча табылган. Кылмышкер аны сактоого аракет кылышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү катары 27 жаштагы жигит кармалып, аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул кырсык кызганычтан болгону айтылууда. Алдын ала маалымат боюнча эки жигит кыздын айынан мушташа кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0