Бишкек — Ош жолунда ДАF менен бус кагышып эки адам каза болду

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүРазбитые дороги в Великом Новгороде
Разбитые дороги в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгында Mercedes-Benz Sprinter унаасындагы эки каза болуп, дагы экөө жаракат алып ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда жол кырсыгы болуп эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаы.

C 1 июня вступил в силу запрет на работу для водителей, не имеющих российских прав - Sputnik Кыргызстан
Жол кырсыгына үйрөнчүк айдоочулар эмес, тажрыйбалуулар себепкер болот
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 5-июнга караган түнү Токтогул районунун Чычкан капчыгайындагы Бишкек — Ош унаа жолунун 239-чакырымында болгон. Анда ДАF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Mercedes-Benz Sprinter автоунаасы сүзүшүп кеткен.

Окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, адамдарды унаадан чыгарышкан.

Жыйынтыгында Mercedes-Benz Sprinter унаасындагы төрт адамдын экөө каза болуп, экөө жаракат алган. Алар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилип, көз жумгандар райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0