Евробиримдик Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 165 миң евро бөлөт

© Фото / Зульфия ТургуноваПоследствия землетрясения в Чон-Алайском районе
Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркагандар төшөк, тазалык каражаттарын жана материалдык жардам алышат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Европа комитети Чоң-Алайда жер титирөөдөн жабыркагандарга 165 миң еврого жакын каражат (12 миллион сомдон ашык) бөлөт. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жардамды 2750 киши алмай болду.

"Каражатты Кыргызстандын Кызыл жарым ай улуттук коомуна которулат. Андан сырткары, эң зарыл болгон төшөк, ашкана шаймандары жана тазалык каражаттары таратылат", — деп айтылат маалыматта.

Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Чатырда түнөгөн чоң-алайлыктар: түнкү сууктан кайыгып калып жатабыз
3-майда Тажикстандын Кыргызстанга жакын жайгашкан аймагында күчү 5,9 баллга жеткен жер титиреген. Эки күндөн кийин 5-майда да жер силкинген. Анын кесепетинен Ош жана Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан аймактарындагы бир катар имараттар бузулган. Негизинен Чоң-Алай районундагы Карамык, Жекенди, Кара-Тейит, Чулук жана Шибээ айылдары көп жабыркап, 200гө жакын үйүн дубалдары жарылып кеткен. Аталган айылдарда жашаган 5000 киши жардамга муктаж.

Жаңылыктар түрмөгү
0