22:28 24 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.2440
  • EUR79.6305
  • RUB1.0791
Мотоциклчи тез жардам автоунаанын алдында. Архивдик сурөт

Бишкекте мотоцикл менен Mercedes кагышты

© Sputnik / Максим Богодвид
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (512)
152 0 0

Жол кырсык түнкү саат 2.00дөр чамасында катталган.

БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. Бишкекте мотоцикл менен Mercedes кагышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө маалымдады.

Анын айтымына караганда, жол кырсык түнкү саат 2.00дөр чамасында Байтик баатыр менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

"Жолдон өтүп баратып эвакуаторду байкадым. Жанында бир нече мотоциклчен адамдар бар экен. Ошондой эле жерде мыйрыйган мотоцикл жатканын анын ары жагында жеңил унаа турганын байкап калдым", — деди күбө.

Бишкектин Кайгуул милициясы жол кырсык болгонун ырастады.

"Токомбаев көчөсү менен батышты көздөй Mercedes үлгүсүндөгү унаа менен мотоцикл кетип бараткан. Унаа сол тарапка кайрыла баштаганын байкабай калган мотоциклчен киши унааны сүзүп кеткен", — деп маалымат кызматынан маалымдашты.

Мотоцикл айдаган адам жаракат алып ооруканага жеткирилген. Ал эми автоунаанын айдоочусу жабыркаган эмес.

Эки транспорттук каражат айып короого токтотулду.

Калаадагы жол кырсыгы көп катталган көчөлөрдү, борбордо кайсы жол кырсыгынын түрү көп болуп жатканын жана алар кайсы маалга туш келерин Sputnik Кыргызстан материалынан көрүңүздөр>>

Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (512)

Тема боюнча

Бишкекте чоң бак киши өткөн жолго кулады
Бишкекте жол кырсыгына бир учурда беш машина кабылды
Белгилер:
кырсык, мотоцикл, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ