УКМК: Райкан Төлөгөновдун кылмыш иши прокуратурага жөнөтүлдү

© Фото / пресс-служба ЖК КРЭкс-депутат Жогорку Кенеша от фракции"Ата Мекен" Райкан Тологонов
Экс-депутат Жогорку Кенеша от фракцииАта Мекен Райкан Тологонов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-депутат Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына иликтөө иштеринин соңуна чейин камакка алынган.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. "Ата Мекен" партиясынан экс-депутат Райкан Төлөгөновго карата мародерчулук фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө аягына чыгып, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнүн УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Райондук сот Өмүрбек Текебаевди дагы бир ай камакта калтырды
Буга чейин УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 167 (Каракчылык), 241 (Курал-жарак, ок-дары, жардыруучу түзүлүштөрдү уурдоо же талап кылуу) беренелеринин негизинде козголгон кылмыш иши иликтенип келген.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен экс-депутат УКМКнын тергөө абагына иликтөө иштеринин соңуна чейин камакка алынган.

Маалыматка караганда тергөө маалында бир катар күбөлөр, алардын ичинде аталган кылмыштарга түздөн-түз тиешеси бар адамдар сурак беришти.

Учурда материалдар Башкы прокуратурага жиберилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0