https://sputnik.kg/20170413/zhuk-tashuuchu-avtounaa-menen-bmw-kagyshty-1032863399.html
"Манас" аэропортунун жолунда бус менен BMW кагышып, эки киши каза болду
"Манас" аэропортунун жолунда бус менен BMW кагышып, эки киши каза болду
Sputnik Кыргызстан
Жол кырсыгы болжол менен саат 23:30дар чамасында Комсомол айылынын бурулушунда катталган. 13.04.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-04-13T11:14+0600
2017-04-13T11:14+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103286/33/1032863300_15:0:3000:1687_1920x0_80_0_0_66fb005c6396c2852df47043fa6d6c5f.jpg
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103286/33/1032863300_315:0:3000:1687_1920x0_80_0_0_c75c120e8dd92acd15a6bb7a5f0bd081.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
окуялар, кыргызстан, жаңылыктар, бишкек, кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары
окуялар, кыргызстан, жаңылыктар, бишкек, кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары
"Манас" аэропортунун жолунда бус менен BMW кагышып, эки киши каза болду
11:14 13.04.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Жол кырсыгы болжол менен саат 23:30дар чамасында Комсомол айылынын бурулушунда катталган.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Шаршемби күнү саат 23:30дар чамасында жүк ташуучу Mercedes-Benz менен BMW үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кагышып, эки киши каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгынан билдиришти.
Жол кырсыгы Комсомол айылынын бурулушунда катталган.
"Айылдан чыккан жүк ташуучу бус негизги жолдо келе жаткан BMW автоунаасын өткөрбөй экөө кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаа жолдон чыгып, бакты барып сүзгөн. BMW машинасынын 26 жаштагы айдоочусу жана жүргүнчүсү каза болгон", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми жүк ташуучу машинанын 27 жаштагы айдоочусу кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.