Бишкекте поезд сүзүп кеткен аял ооруканага жетпей көз жумду

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүСтроительство малого кольца МЖД
Строительство малого кольца МЖД - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Пишпектин аймагында катталган.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкекте аялды поезд сүзүп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымына караганда, кырсык Пишпектин аймагында катталган.

"Кыргыз Темир Жолу" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы кырсык болгонун ырастады.

"Аял темир жол менен басып бараткан. Жүк ташуучу поезд аны күндүз саат 13.00дөр чамасында койдуруп кеткен. Тез жардам кызматы келип, жабырлануучуну алып кеткен. Факты транспорттук милиция кызматкерлери тарабынан каттоого алынды", — деп маалымат кызматынан билдиришти.

Бишкектеги Травмотология жана ортопедия борбору Sputnik Кыргызстан агенттигине аял ооруканага жетпей каза болгонун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0