БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Алдын ала маалыматтар боюнча Санкт-Петербург шаарында болгон жардыруудан каза болгондордун жана жапа чеккендердин арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынын өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдирди.
Эскерте кетсек, 3-апрелде Санкт-Петербургдагы "Сенная площадь" метро станциясындагы жардыруудан 10 киши каза болуп, андан сырткары, ондогон киши түрдүү жаракаттарды алган.
"Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматы боюнча каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок", — деп жазылат маалыматта.
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев адам өмүрүн алган жардыруудан улам Владимир Путинге көңүл айткан.