БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Тааныш кызын өлтүрүүгө шектелип 58 жаштагы киши кармалганын ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин окуяга күбө болгон адам Sputnik Кыргызстан агенттигине 10-март күнү милиция "Достук" кичирайонунан бир кыздын сөөгүн тапканын кабарлаган. ШИИБ Милиция бул маалыматты тастыктап, сөөктү муниципалдык ишкананын кызматкерлери аныктап чыгышканын белгилешкен.
Биринчи Май РИИБдин тергөөчүлөрү Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгогон.
"Иликтөө эркек менен аял спирт ичимдиктерин ичип отурганын көрсөттү. Андан кийин аял эркекти мазактап, басмырлай баштаган. Чыдабай кеткен эркек аялды муунтуп салган да, шек жаратпас үчүн жакын жердеги таштанды жайга алып барып салган", — деп айтылат билдирүүдө.
Кармалган жаран ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.