Бишкекте топ адамдар милиционерлер менен журналистти сабап кетишти

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг у здания ГКНБ сторонников задержанного депутата Текебаева в Бишкеке
Митинг у здания ГКНБ сторонников задержанного депутата Текебаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 11-мартка караган түнү катталган. Кол салгандар эскертүү огу атылганда тарап кеткен.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкекте Кайгуул милициясынын эки кызматкерин жана алар менен жүргөн журналист Темирлан Сейитбек уулун топ адамдар сабап кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КТРКнын "Маалымат" студиясынын шеф-редактору Бактияр Тукеев билдирди.

© Фото / Темирлан Сейитбек уулуБишкекте Кайгуул милициясынын эки кызматкерин жана алар менен жүргөн журналист Темирлан Сейитбек уулун топ адамдар сабап кеткен..
Бишкекте Кайгуул милициясынын эки кызматкерин жана алар менен жүргөн журналист Темирлан Сейитбек уулун топ адамдар сабап кеткен.. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкекте Кайгуул милициясынын эки кызматкерин жана алар менен жүргөн журналист Темирлан Сейитбек уулун топ адамдар сабап кеткен..
© Фото / Темирлан Сейитбек уулуЖурналист Темирлан Сейитбек уулу 10-марттан 11не караган түнү Кайгуул милициясы жүргүзгөн рейдди чагылдыруу үчүн чыккан.
Журналист Темирлан Сейитбек уулу 10-марттан 11не караган түнү Кайгуул милициясы жүргүзгөн рейдди чагылдыруу үчүн чыккан. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Журналист Темирлан Сейитбек уулу 10-марттан 11не караган түнү Кайгуул милициясы жүргүзгөн рейдди чагылдыруу үчүн чыккан.
© Фото / Темирлан Сейитбек уулуБалдардын бирөөсү журналистти таяк менен башка чаап, камерасын талкалап салган. Болжол боюнча кол салгандардын курагы 25-30 чамасында.
Балдардын бирөөсү журналистти таяк менен башка чаап, камерасын талкалап салган. Болжол боюнча кол салгандардын курагы 25-30 чамасында. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Балдардын бирөөсү журналистти таяк менен башка чаап, камерасын талкалап салган. Болжол боюнча кол салгандардын курагы 25-30 чамасында.
1/3
Бишкекте Кайгуул милициясынын эки кызматкерин жана алар менен жүргөн журналист Темирлан Сейитбек уулун топ адамдар сабап кеткен..
2/3
Журналист Темирлан Сейитбек уулу 10-марттан 11не караган түнү Кайгуул милициясы жүргүзгөн рейдди чагылдыруу үчүн чыккан.
3/3
Балдардын бирөөсү журналистти таяк менен башка чаап, камерасын талкалап салган. Болжол боюнча кол салгандардын курагы 25-30 чамасында.

Анын айтымында, журналист Темирлан Сейитбек уулу 10-марттан 11не караган түнү Кайгуул милициясы жүргүзгөн рейдди чагылдыруу үчүн чыккан.

"Түнкү саат 1.30дарда катуу ылдамдыкта келаткан "Жигули" ВАЗ 2106" үлгүсүндөгү унааны тоскондо, токтобой кетип калган. Кайгуул милициясынын эки кызматкери менен биздин журналист анын артынан түшкөн. Натыйжада Орок айылынын кире беришиндеги көрүстөндүн жанынан унааны токтотушкан. Айдоочусу мас абалында болуп, жанында бир аял менен эркек киши отурган. Айдоочу милицияга баш ийбей, каршылык көрсөтө баштаган. Ошол учурда ары жактагы үйлөрдөн 5-6 бала чыгып биздин кабарчы менен тартип сакчыларына кол салган", — деди Тукеев.

Ал белгилегендей, балдардын бирөөсү журналистти таяк менен башка чаап, камерасын талкалап салган. Болжол боюнча кол салгандардын курагы 25-30 чамасында.

Конкурс красоты в Корнелья-де-Льобрегат - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте журналистке кыздай кийинген эркектер кол салып, камерасын талкалап салды
"Жабылып келген балдар милиционерди көтөрүп чаап, экинчисин тепкилеп кирген. Тирешүү 10-15 мүнөткө созулуп, милиция кызматкери асманга эскертүү огун чыгарганда баары тарап кеткен. Биздин журналист окуянын жүрүшүн тартып алган видеону укук коргоо органдарына өткөрүп бердик. Алдын ала маалыматтар боюнча ал балдар эстелик жасап иштегени айтылууда", — деди шеф-редактор.

Ошондой эле ал кол көтөргөн жарандардын экөө кармалып, калгандары из жашырып кеткенин билдирди. Ал эми журналисттин денесине залал келтирилип, мээси чайкалган. Учурда ал ооруканада экенин кошумчалады.

Бул боюнча Ленин РИИБи кылмыш иши козголуп, издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0