РФ элчилиги: кырсыктаган унааны биздин дипломат айдап бараткан

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуСтолкновение джипа с дипломатическими номерами с грузовым Mercedes Sprinter
Столкновение джипа с дипломатическими номерами с грузовым Mercedes Sprinter - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа менен Toyota Land Cruiser Prado машинасы Фучик менен Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде кагышкан.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны келип сүзгөн жол тандабасты Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери айдап бараткан. Бул тууралуу аталган элчиликтен билдиришти.

Окуя 16-февралда түштөн кийин болгон. Mercedes Sprinter Васильев көчөсү менен, ал эми Россия элчилигине таандык номер тагылган Toyota Land Cruiser Prado Фучик көчөсү менен "Манас" аэропортун көздөй бараткан.

"Жол тандабасты Россиянын дипломаты айдап бараткан. Машина — элчиликтин кызматтык автоунаасы. Кызматкер элчиликтин иштери менен кетип бараткан. Аталган факты боюнча ички кызматтык териштирүү жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Улуттук госпиталдын хирургиялык бөлүмүнүн башкы дарыгердин орун басары Орозалы Кочоров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиргендей, Mercedes Sprinter автонуаасынын айдоочусу 1955-жылы туулган Евгений Лексин каза болуп калган.

"Жабырлануучу оор абалда келип түшкөн. Баш сөөгү сынып, мээсин майда сыныктар кысып калыптыр. Өзүнө келе албай, операциядан соң бир сааттан кийин каза болгон", — деди дарыгер.

Четыре человека погибли под Псковом в результате лобового столкновения - Sputnik Кыргызстан
Токтогул районунда машина көпүрөдөн кулап, төрт киши каза болду
Жол тандастын айдоочусу да Улуттук госпиталда. Анын жамбашы сынган.

Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгы аталган факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалганын билдирди. Милиция жол тандабас кандай ылдамдыкта келе жатканын, кызыл жарыктан өтүп- өтпөгөнүн иликтеп жатат.

"Бишкекская нефтяная компания" ЖАКтан маалымдашкандай жол тандабастын ичинде жүргүнчү катары "Роснефтинин" Кыргызстандагы башкы директорунун орун басары Игорь Рясный болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0