БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Токтогул району аркылуу өткөн Бишкек — Ош унаа жолунун 276-чакырымындагы Mercedes 124 үлгүсүндөгү машина "Бала-Чычкан" көпүрөсүнөн кулап, төрт киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, автонуаада беш адам болгон.
"Куткаруучулар каза болгондорду унаадан алып чыгып, андан соң медицина кызматкерлери райондук оорукананын өлүкканасына жеткиришкен", — деп айтылат маалыматта.
Маркумдар менен сапарлаш болуп келе жатып, кырсыктан аман калган бир киши райондук ооруканага жаткырылган.