БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Новая Москва аймагындагы жол кырсыктан каза болгондордун арасында алдын ала маалымат боюнча Кыргызстандыy жарандары бар экенин РИА Новости өз булактарына таянуу менен билдирди.
Белгилей кетсек, жол кырсыгы Варшава шоссесинде Коротыгино айылына бурула берген жакта болуп, УАЗ менен Toyota үлгүсүндөгү авто унаа кагышкан. Анын кесепетинен УАЗдын эшиктери ачылбай өрттөнүп, кишилер камалып калган. Жаракат алгандарды ооруканага жеткирүү үчүн окуя болгон жерге куткаруучулардын эки тик учагы тартылган.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары ба, учурда алардын саны такталып жатканын булак билдирген.
Кырсык болгон жерге КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнөн жана Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөр жөнөп кетишкен.