Кылмыш жолу менен табылган 6,8 млн. сомду Баткендеги банк адалдоо үчүн Россияга которгон

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүАкча саноочу каражат. Архив
Акча саноочу каражат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражат эки жыл бою чет мамлекетке которулуп келген. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Финансы полициясы кыргызстандык жарандын Баткенде жайгашкан банктын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп, кылмыш жолу менен табылган ири суммадагы акчаны адалдаштыруу үчүн Россияга которуп жибергенин аныктады. 

Монеталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто арам акчаны адалдап келген банк филиалынын жолу буулду
Маалыматка ылайык, 2013-2014-жылдардын аралыгында аталган жаран Кызыл-Кыя шаарындагы "ФинансКредитБанктын" кызматкерлери менен тымызын келишимге барган. Банк жумушчулары документтерди жасалмалоо менен Россияга жалпы жонунан 6 миллион 790 миң сом которуп беришкен.

Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Кылмыштуу кирешени адалдоо" жана "Документтерди жасалмалоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0